ВОЗНЕСЕНСКИЙ

ВОЗНЕСЕНСКИЙ — Калинин р-нун-дагы Вознесенский сельсоветине караштуу кыштак. «За линию ЦК КПСС» к-зунун борбору. Райондун борбору Кара-Балта ш-нан 5 км батыш тарапта, Кара-Балта т. ж. станциясынан 5 км. Калкы 4109 (1974). Орто мектеп, клуб, медпункт бар.