ВОЕННО-АНТОНОВКА

ВОЕННО-АНТОНОВКА — Сокулук р нундагы Военно-Антоновка сельсоветте караштуу кыштак. «Рассвет» к-зунун аймагында. Фрунзе—Кара-Балта шоссе жолунун боюнда. Райондун борбору Сокулуктан 10 км чыгыш тарапта. Пишпек т. ж. станциясынан 8 км. Калкы 8765 (1976). Орто ж-а сегиз жылдык мектеп, оорукана, китепкана, балдар үйү (детдом), клуб бар.