ВЛКСМ БОРБОРДУК КОМИТЕТИ

ВЛКСМ БОРБОРДУК КОМИТЕТИ — комсомолдун съезддер аралыгындагы жог. жетекчи органы. Ал ВЛКСМ-дин бүткүл союздук съездинде шайланат. ВЛКСМ БК өз ишин КПСС БКнын жетекчилиги м-н жүргүзүп, комсомолдун ж-а жерг. комсомол уюмдарынын бүткүл жумушуна жетекчилик кылат, мамл. ж-а коомдук мекемелер м-н уюмдарга ВЛКСМдин атынан өкүлдүк кылат; өзүнүн борб. басма сөз органдарын ж-а алардын редакцияларын бекитет; комсомолдун бюджеттик каражаттарын бөлүштүрүп, чыгымдалышын көзөмөлдөйт. ВЛКСМ БК өз иши ж-дө комсомол уюмдарын кабардар кылып турат ж-а ВЛКСМдин бүткүл союздук съездине отчёт берет.