ВЛАСОВЧУЛАР

от123

Июн 26, 2020

ВЛАСОВЧУЛАР — Сов. Ата Журттун чыккынчылары, Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде фаш. Германия тарабына өткөн антисов. аскер курама-ларынын катышуучулары. Волхов фронтундагы 2-сокку уруучу армиянын мурунку командачысы генерал-лейтенант А. А. Власовдун ысымынан аталган. Власов 1942-ж. июлда туткунга түшүп, гитлерчилерге кызмат кылган, өзүнө баш ийген бөлүктөрдөн СССРге каршы согушуучу аскер топтогон. 1945-жылдын май айында В-дын калдыктары Чехосл-янын терр-ясында талкаланып, Власов ж-а анын жан-жөкөрлөрү туткунга алынып, СССР Жог. сотунун Аскер коллегия-сынын өкүмү б-ча 1946-ж. 1-августта өлүм жазасына тартылган.

от 123

You missed