ВЛАДЙМИР ОБЛАСТЫ

ВЛАДЙМИР ОБЛАСТЫ РСФСРдин составында 1944-ж. 14-августта түзүлгөн. Аянты 29,0 миң км2. Калкы 1552,4 миң (1976). 16 район, 20 шаар, 35 ш. т. посёлка бар. Борбору—Владимир ш. Область Чыгыш Европанын борб. бөлүгүндөгү түздүктө жатат. Жеринин бети жапыз дөңсөөлүү (орт. бийикт. 200—250 м ге чейин). Дөң-сөөлөр аралыгында куушураак терең өрөөндөр жатат. Областта аки таш теги, отко чыдамдуу чопо, фосфорит-тер, темир рудасы бар. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы —И, —12°С, июлдуку 17— 18,5°С Жылдык жаан-чачыны 480— 580 мм. Областтын башкы дарыяла-ры — Ока ж-а анын сол куймасы Клязьма. В. о-нда күл ж-а саз топурак басымдуу. Айрым жерлери кар-бонаттуу болгондуктан кыртышы бир кыйла асылдуу келип, көбүнчө айдоо аянтына айланган. Областтын аймагы токой зонасына кирет. Мырза карагай, кайың, карагай, бай терек өсөт. Дарыя бойлору шалбаалуу. Ай-банаттары: багыш, каман, карышкыр, сүлөөсүн ж. б; канаттуулары — каракур, кереңкур, өрдөк ж. б. Калкынын көбү — орус. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 53,5 киши (1976). Негизги шаарлары — Владимир, Ковров, Александров, Суздаль ж. б. В. о.— өнөр жайы өөрчүгөн область. 1913—69-ж. ири ө. ж-нын дүң продукциясы 50 эсе өскөн. Негизги ө. ж. тармагы — машина куруу ж-а металл иштетүү. Трактор, электр мотор, автоприбор (Владимир ш.), мотоцикл (Ковров ш.), муздаткыч (Муром ш.) чыгаруу айрыкча өнүккөн. Жеңил ө. ж-нан кездеме токуу негизги орунда. Кебезден кездеме токуу б-ча СССРде үчүнчү, зыгыр өндүрүү б-ча биринчи орунда. В. о-нын түн.-чытышында эгин эгилет, эт-сүт багытындагы мал багылат. Политех., пед. ин-т ж-а Бүткүл союздук машина куруу ин-тунун сырттан окуу бөлүмүнүн филиалы, 896 китепкана, 10 музей бар. «Призыв» (1917-жылдан), «Комсомольская искра» (1951) газеталары чыгат.