ВЛАДИМИР ТРАКТОР ЗАВОДУ

ВЛАДИМИР ТРАКТОР ЗАВОДУ (ВТЗ) А. А. Жданов а т н.— СССРдеги ири трактор заводдорунун бири. Владимир ш-нда. Завод Т28ХЗ, Т28Х4 тракторлор, Д37М, Д37Е, Д21, Д37Б кыймылдаткычтар, бак-дарак, огород ж. б-да пайдаланылуучу шаймандар чыгарат. Анын 1-бөлүгү 1945-ж. курулуп бүткөн. Адегенде «Универсал» (1945—55), ДТ24 (1955—58), Т28 (1958) тракторлору ж-а аба м-н муздатылуучу кыймылдаткычтар жасалган. Завод Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган (1966). Брюссел-деги Бүткүл дүйн. көргөзмөдө (1958) сыйлык ж-а Чоң жылдыз медалына, ал эми Москвада өткөрүлгөн (1966) а. ч. машиналарынын эл аралык көр-гөзмөсүндө алтын медалга татыктуу болгон.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *