ВЛАДИМИР ЖЫЛКЫСЫ

ВЛАДИМИР ЖЫЛКЫСЫ — жүкчүл жылкы породасы. Владимир ж-а Иванов обл-тарында чыгарылган. Порода катары 1946-ж. бекитилген. Ал—омоктуу, кең көкүрөк, чоң жылкы. Кашка, ала аяк, көбүнчө тору, кара кер болот. Орт. бийикт. 157—161 см, тулку бою 163—165 см, көкүрөк курчай өлчөмү 183—196 см. Тирүүлөй саям. 530—700 кг. Мыкты айгырлары сы-иоодо 16,4 т га чейин жүк тарткан. СССРдин көпчүлүк райондорунда жерг. жылкыны жакшыртуу максатында өстүрүлүүдө.