ВЛАДИМИР ВСЕВОЛОДОВИЧ МОНОМАХ

ВЛАДИМИР ВСЕВОЛОДОВИЧ МОНОМАХ (1053—1125) — Киевдин улуу князы (1113—25), мамл. ишмер, кол башчы ж-а жазуучу. Половептерге (байыркы кыпчактарга) каршы орус княздарын баш коштурууга аракеттенген. 1103—1107, 1111-жылдарда половецтерге каршы жортуулдун башында турган. 1113-ж. Киев князы наамын алып, эл көтөрүлүшүн баскан, бирок закон чыгаруу жолу м-н калктын төмөнкү катмарынын абалын жеңилдетүүгө аргасыз болгон (к. Владимир Мономахтын уставы). «Поучение» («Насаат») аттуу эмгегинде феодалдар м-н дыйкандарды татуу лашууга чакырган. В. В. М. княздык кылган жылдарда Киев Русу күчтөн-гөн. Ал Байыркы Русь мамлекетинин 3U бөлүгүн бириктирген.