ВКП

ВКП (б) БОРБОРДУК КОМИТЕТИНЕ КАРАШТУУ ЛЕНИН ИНСТИТУТУ, к. Марксизм-ленинизм институту. КПСС Борбордук Комитетине караштуу.
ВКП (б) БОРБОРДУК КОМИТЕТИНЕ КАРАШТУУ ПАРТИЯЛЫК КОНТРОЛЬ КОМИССИЯСЫ (КПК), к. КПСС БКнын партиялык контроль комитети
ВКП (б) БКнын ОРТО АЗИЯ БЮРОСУ [1925-жылга чейин РКП (б) БКнын Орто Азия Бюросу]— 1922-ж. апрелде РКП (б) БКнын пленумунда РКП (б) БКнын Түркстан Бюросунун ордуна түзүлгөн жетекчи орган. Ал орган парт, уюмдарды чыңдоодо ж-а О. Азияда социализмдин жеңишин камсыз кылууда чоң роль ойногон. Анын бөлүмдөрү ж-а парт, уюмдарга жетекчилик кылуучу аткаруу комиссиялары болгон. ВКП (б) БК бюро мүчөлөрүнүн санын белгилеген ж-а бекиткен. ВКП (б) БКнын О. А. Б-нун биринчи пред-ли С И. Гусев, андан кийин (1922—24) Я. Э. Рудзутак болгон. 1924-ж. ал кызмат ВКП (б) БКнын О. А. Б-нун биринчи секретары деп аталып, анда И. А. Зеленский (1924—31) ж-а К. Я. Бауман (1931— 34) иштеген. 1924-ж. Бюро секретар-ларынын саны көбөйтүлгөн. О. Азия респ-каларындагы парт.-сов. уюмдарынын жетекчилери (Ф. Хожаев, А. Орозбеков, К. Атабаев, Т. Рыскулов, Р. Исламов ж. б.) ал Бюрого мүчө болушкан. ВКП (б) БКнын О. А. Б. улуттук респ-каларда компартиянын ленинчил улут саясатын жүзөгө ашырууда, жерг. калктан парт., мамлекет, чарба кадрларын даярдоодо, улуу державалык шовинизмге ж-а жерг. улут-чуларга сокку берүүдө, эмгекчилерди интернационализм духунда тарбиялоодо, элдердин достугун чыңдоодо зор милдет аткарган; О. Азияда Совет бийлигин чыңдоодо, чет өлкөлүк ин-тервенттерди ж-а ички контррев-ячы-ларды талкалоодо жетекчилик кылган. 1924—25-ж. О. Азия элдеринин улуттук-мамл. бөлүнүшү, сов. респ-калардын ж-а респ-калык компартиялардын түзүлүшү, 1924—29-ж. жер-суу реформаларын жүргүзүү, эл чарбасын өнүктүрүү, аялдар азаттыгына байланыштуу кеңири иштер Бюронун жетекчилиги м-н турмушка ашкан. О. Азия респ-каларында соц. индуст-риялаштыруу, а. ч-сын коллективдештирүү, маданий рев-яны ишке ашыруу багытында да ВКП(б)нин О. А. Б. талыкпай иш жүргүзгөн. Коюлган милдеттерди орундаганды-гына байланыштуу Бюро 1934-ж. ВКП (б) БКнын чечими б-ча жоюлган.
Ад.: История коммунистических организаций Средней Азии, Таш., 1967; Назарове. А., Руководство ЦК РКП(б) партийным строительством в Средней Азии, Таш., 1972.
ВКП (б) БКнын УЮШТУРУУ БЮРОСУ — партиянын Борб. Комитетинин аткаруу органы. Биринчи жолу 1919-ж. РКП (б) нин 8-съездинин чечими б-ча уюштурулган. БКнын пленумунда шайланып, өз иши ж-дө БКнын пленумдарында отчёт берип, партиянын уюмдаштыруу жумуштарына жетекчилик кылуу, кадрлар тандоо ж-а иштин аткарылышын текшерүү жагынан иш алып барган. КПССтин 19-съезди (1952) Борб. Комитеттин күндөлүк уюштуруу жумушуна жетекчилик кылууну КПСС БКнын секрета-риатына жүктөп, ВКП (б) БКнын Уюштуруу бюросун жоюу ж-дө чечим чыгарган.
ВКП(б), Бүткүл Союздук Коммунисттик (большевиктер) Партиясы, к. Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы.
ВКП (б) КЫРГЫЗ ОБЛАСТТЫК КОМИТЕТИ, к. РКП(б) Кыргыз областтык комитети.
ВКП (б) КЫРГЫЗ ОБЛАСТТЫК КОНТРОЛЬ КОМИССИЯСЫ, к. РКП(б) Кыргыз областтык контроль комиссиясы. ВКП (б) деги ОҢЧУЛ ОППОЗИЦИЯ, к.ВКП(б)деги оңчул уклон. ВКП (б) деги ОҢЧУЛ УКЛОН —өлкөдө социализм бүткүл фронт б-ча чабуулга өткөн мезгилде партиянын ичинде куралган оппортун. агым. Бул атымдын башчылары Н. Бухарин, A. Рыков, М. Томскийлер Окт. рев-я-сынын алдында ж-а Совет бийлигинин алгачкы күндөрүндө партияга, B. И. Ленинге каршы күрөш ачкан. Бухарин 1925-ж. «байыгыла!» деген ураан м-н капит. элементтерди колдогон. Троцкийчил-зиновьевчилдер өздөрү партия м-н макул эместигин жашырып, кулактарды тап катары жоюуга, өлкөдө социализм куруунун лениндик планына ачыктан ачык каршы чыккан. Алар марксизм-ленинизмди ревизиялап, «социализм куруунун жүрүшүндө тап күрөшү басаңдайт, капитализм өнүгүп отуруп социализмге өтөт» деген бурж. теорияны жакташ-кан; СССРде социализм куруу мүмкүндүгүн сөз жүзүндө ырастап, иш жүзүндө оор индустрияны өнүктүрүү саясатына, социализмдин жапырт чабуул коюшуна, эл чарбасындагы капит. элементтерди жок кылууга, кулактарды тап катары жоюуга, колхоз ж-а совхоз курулушуна каршы чы^ гышкан; жабдуу-сатуу кооперациясы м-н гана айыл-кыштакты соң. нукка салуу мүмкүн деп эсептешкен; тышкы соода жагында мамлекеттин жетекчилик ролунан баш тартууну, шаар м-н айыл-кыштакта капит. элементтерди өнүктүрүүнү талап кылышкан. Алар тап күрөшү ж-а пролет, диктатурасы ж-дөгү лениндик теорияга каршы болушуп, эл аралык маселелерде да капитализмдин негизги карама-каршылыктарын жаап-жа-шырып, рев-ячыл кыймылдын жаңыдан жогорулашын, улуттук-бошт. кыймылдын өнүгө беришин танышкан. Партия оңчул уклонго каршы келишпес күрөш жүргүздү. Уклондор-дун ар кандай көрүнүштөрүнө каршы ВКП (б) нин жүргүзгөн күрөшүн эл аралык коммунисттик кыймыл да ку-баттады. 1928—29-жылдардагы ВКП (б) нин Пленумдарында ж-а Коммунисттик Интернаңионалдын 6-конгрес-синде (1928-ж. авг.) бул агым эл аралык коммунисттик кыймылдата негизги коркунуч, партияга кирип алган кулактардын агентурасы деп көрсөтүлдү. Партия бир нече ирет олуттуу эскертсе да, ойчулдар өз иштерин уланта беришти. Алар профсоюздардын ишин кайра куруу, профсо-юзда парт, жетекчиликти чыңдоо, соң. мелдеш ж-дөгү маселелерде да партияга каршы турушту. Коминтерндин аткомунун пленуму (1929), ВКП(б)-нин 16-конф-ясы (1929), 16-съезди (1930) ойчулдардын көз караштарын «ВКП (б) де болуу менен эч сыйыш-пайт» (к. КПСС. Резолюцияларында жана чечимдеринде, З-б.) деп эсептеп, оңчул ырк бузарлардын саясий көз караштарын ж-а фракциячыл аракеттерин катуу айыптады, Буха-ринди БКнын Саясий бюросунун составынан чыгарды. 1931-ж. Рыков СССР Эл Комиссарлар Советинин Пред-лдигинен түшүрүлдү, Томский абдан катуу эскертүү алды. Оңчул уклондун жетекчилери өз жаңылыш-тыктарын моюнга алышып, арыз беришти. Иш жүзүндө алар ыңгайлуу учур күтүп, партияга каршы астыртан күрөш жүргүзө беришти. 1938-ж. «оңчул троцкисттик блок» бүтүндөй жок кылынды.
Ад.: КПСС; резолюцияларында жана чечимдеринде, 2, З-б., Фр., 1957; Кыргызстан Компартиясынын очерктери, Фр., 1986; История Коммунистической партии Советского Союза, т. 4, кн. 1, М., 1971; Миртов В. В., Идейное и организационное укрепление областной парторганизации, Фр., 1966.
ВКП (б) нин БОРБОРДУК КОНТРОЛЬ КОМИССИЯСЫ (ЕКК), к. КПСС БКнын партиялык контроль комитети.
ВКП (б) нин БҮТКҮЛ СОЮЗДУК ОН СЕГИЗИНЧИ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1941-ж. 15—20-февралда Москвада болгон. Чечүүчү добуш м-н 456, кеңеш берүүчү добуш м-н 138 делегат катышкан. Анда партия уюмдарынын ө. ж. ж-а транспорт жагындагы милдеттери, 1940-жылдын чарб. жыйынтыктары ж-а 1941-жылга СССР эл чарбасын өнүктүрүү планы ж-а уюштуруу маселелери талкууланган. Конф-я 2-дүйн. согуштун башталышына байланыштуу татаал эл аралык кырдаалда өткөндүктөн Совет мамлекетинин коргонуу мүмкүнчүлүгүн ж-а согуштук күч-кубатын чыңдоого айрыкча көңүл буруп, бул тармактагы кемчиликтерди жоюу жагынан конкреттүү чаралар белгилеген, о. эле СССРдин эл чарбасын 1941-яшлда өнүктүрүүнүн планын жактырган; партиянын Борб. Комитети ж-а Борб. текшерүү комиссиясынын составын толуктаган.
Ад.: КПСС… резолюцияларында шана чечимдеринде, З-б., Фр., 1959.
ВКП (б) нин КЫРГЫЗ ОБЛАСТТЫК АЛТЫНЧЫ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1930-ж. 8—10-июнда Фрунзеде өткөн. Ата партиянын 3578 мүчөсүнөн ж-а 3391 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш м-н 139 ж-а кеңеш берүүчү добуш м-н 66 делегат катышкан. Конф-я ВКП (б) БК м-н ВКП(б)-тжтт О. Азия Бюросунун докладын, ВКП (б) нин обл. комитетинин, ВКП (б) -кан обл. контроль комиссиясынын ОКК) отчётторун талкуулап, партиянын обл. комитетин шайлаган; 5КП(б) БКнын ж-а анын О. Азия Бюросунун саясий багытын туура ж-а грактикалык ишин канааттандырар-хых деп тапкан; Кырг-ндын парт, тину ВКП (б) нин башкы багытын тт—та ашыруу үчүн жан аябай күрө-хвэт деп, социализмдин жеңип чы-75лпы ж-а соц. курулуш темпинин нззамдашы үчүн өз катарларын БК-тс-s айланасына баш коштурат деп ишендирген. Троңкийчилерге, оппор-тун. оңчул уклонго, улуу державалык шовинизмге ж-а жерг. улутчулдукка, жаатчылыкка каршы келишпес күрөш жүргүзүү зарылдыгын көрсөткөн. Обл. парт, уюм партиянын генеральный багытын ишке ашыруу м-н отчёттук мезгилде чарба ж-а маданий курулуш жагында олуттуу ийгиликтерге же-тишкенин белгилеген. Колхоз курулушунун маселелерине да зор көңүл бурган. Бул маселеде белгилүү жетишкендиктер м-н бирге, ВКП (б) нин О. Азия Бюросу, Кырг-н обкому айрым саясий жаңылыштыктар да кетирген эле: колхоздук кыймылда ыктыярдуулук принцибин бузуу, жерг. өзгөчөлүктөрдү эсепке албай, колхоздоштурууну опсуз тездетүү, колхоздук курулуштун алда канча жог. формаларына аттап өтүүгө аракеттенүү, батрак кедейлердин «Жар-ды-жалчылар уюмун» таратып жиберүү ж. б. Конф-я чечимдеринде парт, уюмдардан колхоз курулушундагы кетирилген кемчиликтерди толук оңдоо жагын талап кылып, коммунисттер массалык коллективдештирүүгө камылга көрүү иштерин күчөтсүн деп белгилеген. Анда сабатсыздыкты жоюу, саясий-агартуу ж-а маданий мекемелерди көбөйтүү, партияга алдыңкы жумушчу-дыйкандарды тартуу (асыресе батрактарды), парт, уюмдарды идеялык ж-а уюштуруу жагынан чыңдоо милдеттери кескин коюлду. Конф-я ВКП (б) нин обл. комитетин, текшерүү комиссиясын ж-а контроль комиссиясын шайлады. ВКП (б) нин 16-съездине делегаттарды шайлады. 1930-ж. 11-июнда ВКП(б)-нин Кырг-н обкому м-н оККнын кошмо пленуму обкомдун Аткаруу бюро-сун ж-а Секретариатын, ОККнын пре-зидиумун, жооптуу секретарын шайлады.
Ад.: Резолюция. Шестая Киргизская областная конференция, Фр., 1930; Кыргызстан Коммунисттик партиясынын очерк-тери, Фр., 1967; Кыргызстан Коммунисттик партиясы резолюцияларда…, 1-6., Фр., 1959.
ВКП (б) нин КЫРГЫЗ ОБЛАСТТЫК БЕШИ НЧИ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1929-ж. 15—25-январда Фрунзе ш-ида өткөн. Ага партиянын 3141 мүчөсүнөн ж-а 2819 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш м-н 100 ж-а кеңеш берүүчү добуш м-н 38 делегат катышкан. Конф-яда ВКП (б) БКнын О. Азия Бюросунун, ВКП (б) обл. комитетинин, текшерүү комиссиясынын, обл. контроль комиссиясынын отчеттору, кооперациялык курулуштун милдеттери, кедейлер м-н иш жүргүзүү, аялдарды азаттыкка чыгаруу ж-дөгү маселелер талкууланып, обл. комитеттин жаңы составы шайланган. Отчёттук доклад б-ча рез-яда обкомдун саясий жолу туура, иши канааттандырарлык деп табылган; парт, курулуш б-ча 1930-жылдын акырына чейин парт, уюмда жумушчулар м-н батрактардын санын 50%ке чейин жеткирүү, парт, уюмдарды тап душ-мандарынан ж-а бюрократташкан эле-менттерден тазалоо жагы каралган. Конф-яда айыл-кыштак кедейлери м-н иштөөнү жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулган. Конф-я кабыл алган чечимдер коммунисттерди жапа тырмак колхоздук кыймылды жайылтуу б-ча партиянын 15-съезди белгилеген тарыхый милдеттерди иш жүзүнө ашырууга багыштаган. Конф-я обкомдун жаңы составын, обл. комитет м-н обл. контроль комиссиясынын кошмо пленуму аткаруу органдарын (Бюро м-н Секретариат) шайлаган.
Ад.: Кыргызстан Коммунисттик партиясы резолюцияларда…, 1-6., Фр., 1959; Кыргызстан Коммунисттик партиясынын тарыхынын очерктери, Фр., 1967.
ВКП (б) нин КЫРГЫЗ ОБЛАСТТЫК ЖЕТИНЧИ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1934-ж. 10—15-январда Фрунзе ш-нда өткөн. Ага партиянын 6559 мүчөсүнөн ж-а 7467 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш м-н 185, кеңеш берүүчү добуш м-н 94 делегат катышкан. Конф-я ВКП (б) Кыргыз обкомунун, обл. текшерүү комиссиясынын, обл. контроль комиссиясынын — Жумушчу-дыйкан Инспекциясынын отчётторун, респ-када мал чарбасын өнүктүрүү б-ча доклад угуп, обл. парт, уюмдун жетекчи органдарын шайлаган; экинчи беш жылдык план ж-дө ВКП (б) БКнын партиянын 17-съездине тезистерин ж-а уюштуруу маселелери б-ча тезистерин, Кырг-н парт, уюму ж-дө ВКП (б) БКнын токтомун жактырган; анда лениндик улут саясатын ишке ашыруу негизинде респ-када бир кыйла ийгилик-‘ тер болгону, респ-канын парт, уюмдары өсүп-өөрчүгөнү белгиленген; бирок партиянын обкомунун жетекчилери өз иштеринде партиянын башкы багытын бекем тутуп, БКнын ж-а О. Азия Бюросунун директив ал арын большевикче чечкиндүү ишке ашырып турса, ийгиликтер мындан да орчундуу болору көрсөтүлгөн. Обкомдун бюросу ж-а парт, уюмдардын айрым звенолору өз ишинде чыныгы парт, принциптүүлүктү бекем кармап, сын ж-а өзүн өзү сыноону да ойдогудай өөрчүтө алган эмес. Конф-я ВКП (б) БК өз чечиминде Кырг-н парт, уюмунун иш-абалы канааттандырарлык эмес деп тапканын кубаттап, партия обкомунун мурдагы жетекчилеринин жолу натуура деп эсептеп, респ-канын эл чарбасын ж-а маданиятын жогорулатуу, парт.-сая-сий жумушту жакшыртуу б-ча парт, уюмдун ишинин кеңири программасын аныктаган; парт, уюмду өз катарларын ВКП (б) БКнын айланасына мурдагыдан да бекем баш кошууга чакырып, большевиктик сынды ж-а өзүн өзү сыноону жайылтуу м-н парт, уюм ВКП (б) БК ж-а О. Азия Бюросу көрсөткөн жаңылыштыктарды оңдоого тийиш деп белгилеген. Конф-я обл. комитет™, текшерүү комиссиясын, ВКП (б) нин 17-съездине делегат шайлаган. AS.: Кыргызстан Коммунисттик партиясы резолюцияларда…, 1-6., Фр., 1959; Кыргызстан Коммунисттик партиясынын тарыхынын очерктери, Фр., 1967.
ВКП (б) нин КЫРГЫЗ ОБЛАСТТЫК ТӨРТҮНЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1927-ж. 18—21-ноябрда Фрунзе ш-нда өткөн. Ага партиянын 2294 мүчөсүнөн ж-а 2168 мүчөлүгүнө кандидаты-нан чечүүчү добуш м-н 118 делегат ж-а кеңеш берүүчү добуш м-н 28 делегат катышкан. Конф-я ВКП (б) БК м-н ВКП (б) БКнын О. Азия Бюросунун иши ж-дө отчётту, ВКП (б) обл. комитетинин отчетун, обл. контроль комиссиясынын ишин, парт, курулуш маселелерин талкуулап, партиянын обл. комитетин шайлаган; троцкий-чил-зиновьевчил оппозициянын мень-шевикче ырк бузарлык аракеттерине каршы ВКП (б) БКнын чечкиндүү чараларын толук кубаттаган; ВКП (б) БКнын ж-а анын О. Азия Бюросунун ишин, БКнын саясий ж-а уюштуруу жолун туура деп тапкан; троцкийчил оппозицияга каршы күрөштө респ-канын парт, уюму партиянын башкы жолунан тайбай баратканын белгилеген: «Оппозициялык топ Кыргызстандын партиялык уюмуна… анын жаттыгына карабастан, кандайдыр бир таасир тийгизе алган жок» (Кыргызстан Компартиясынын тарыхынын очерктери, Фр., 1967, 204-6.). Конф-я отчёттук мезгилдин ичинде шайлоо Советтерин түзүү, «Кошчу» союзун кайра уюштуруу, респ-канын Түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүүнү даярдоо, ири манаптар м-н байларды Кырг-ндан башка жерге айдап жиберүү ж. б. чаралар ишке ашырылганын, бай-манаптардын кедейлерге карата экон. ж-а саясий таасири солгундаганын жарыя кылган; маданий курулуш жагынан да респ-када зор ийгиликтер болгонун белгилеген. Конф-я обл. комитетти, контроль комиссиясын ж-а текшерүү комиссиясын шайлаган. Жаңы шайлаган обкомдун составы обкомдун Аткаруу бюросун, Секретариатын шайлап, бөлүм башчыларын бекиткен.
Ад.: Кыргызстан Коммунисттик партиясы резолюцияларда…, 1-6., Фр., 1959; Кыргызстан Коммунисттик партиясынын тарыхынын очерктери, Фр., 1967.
ВКП (б) нин КЫРГЫЗ ОБЛАСТТЫК ҮЧҮНЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1927-ж. 1—7-мартта Фрунзе ш-нда өткөн. Ага партиянын 2494 мүчөсүнөн ж-а 2168 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш м-н 134 делегат, кеңеш берүүчү добуш м-н 20 делегат катышкан. Конф-я ВКП (б) Кырг-н обкомунун, обл. текшерүү комиссиясынын, обл. контроль комиссиясынын (ОКК) ж-а Жумушчу-дыйкан Инспекциясынын (ЖДИ) отчётторун угуп, комсомолдун иши, аялдар арасындагы иш, Кырг-ндын чарб. курулушунун абалы ж-а милдеттери ж-дө-гү маселелерди талкуулап, обл. парт. уюмдун жетекчи органдарын шайлаган. Анда партия обкомунун отчёттук мезгилиндеги саясий жолу ж-а уюш- ТУРУУ иши толук бойдон жактыры-лып, жүргүзгөн иши канааттандырарлык деп табылган. Оппозициянын ж-а оппозициялык блоктун ырк бузарлык аракеттерине обком өз убагында катуу каршы турганы, бай-манап агенттеринен, жаатчылардан, кылмыштуу элементтерден партиянын катарын тазалоо б-ча ырааттуу да, туруктуу да иш алып барганы конф-яда өзгөчө белгиленген. Ушул багыттагы ишти дагы күчөтүп, парт. уюмдун ыркын кетиргендерге парт, эң жог. жазаны колдонгондон да кайра тартпай, чечкиндүү ж-а туруктуу күрөш жүргүзө берүү жагын конф-я обкомдун жаңы составына тапшырган. Конф-я ОККнын ж-а ЖДИнин иши ж-а кезектеги милдеттери, -обл. комсомол комитетинин иши, дыйкан ж-а жумушчу аялдар арасында иштөөнүн кезектеги милдеттери ж-дөгү маселелер б-ча тийиштүү чечимдерди кабыл алган. Конф-я партиянын об-комун, текшерүү комиссиясын, ОКК-ны шайлаган. Жаңы шайланган обкомдун составы уюштуруу пленумунда обкомдун Аткаруу бюросун, Секретариатын шайлап, обкомдун бөлүм башчыларын бекиткен.
Ад.: Кыргызстан Коммунисттик партиясы резолюцияларда…, 1-6., Фр., 1959; Кыргызстан Коммунисттик партиясынын тарыхынын очерктери, Фр., 1967.
ВКП (б) нин ОН АЛТЫНЧЫ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1929-ж. 23—29-апрелде Москвада өткөн. Ага чечүүчү добуш м-н 254, кеңеш берүүчү добуш м-н 679 делегат катышкан. Эл чарбасын өнүктүрүүнүн беш жылдык планы, а. ч-сын жогорулатуу жолдору ж-а орто дыйкандарды салыктан жеңилдетүү, бюрократизмге каршы күрөштүн жыйынтыгы ж-а жакын арадагы милдеттери, . партиянын катарын тазалоо ж-а текшерүү ж-дөгү маселелер каралган. Негизги маселе эл чарбасын өнүктүрүүнүн 1-беш жылдык планы (1928—33) болгон. Конф-я партиянын ленинчил саясатынан баш тарткан оңчул уклонду кулакчыл позицияга түздөн түз өттү деп айыптап, мезгилдин коркунучу катарында ага сокку берүүгө партийны чакырган; а. ч-сын коллективдештирүү ишин андан ары өнүктүрүү үчүн соц. индустрияны өркүндөтүү зарыл деп тапкан; а. ч-сына жетекчиликти жакшыртуу үчүн практикалык чаралар белгилөө, мамл. аппарат-тагы бюрократизмге каршы күрөштү өөрчүтүү, сын ж-а өзүн өзү сыноону күчөтүү, партиянын катарын тазалоо, парт, уюмдарды чыңдоо коммунисттердин авангарддык ролун жогорулатуу ж-дө рез-я кабыл алган. Конф-яда соң. мелдешти жайылтуу ж-дө Сов. Союзунун бардык жумушчулары м-н эмгекчи дыйкандарына карата атайын үндөө кабыл алынып, ал беш жылдык планды орундоодо тарыхый мааниге ээ болгон.
Ад.: КПСС… резолюцияларында жана чечимдеринде, 2-6., Фр., 1957.
ВКП (б) нин ОН АЛТЫНЧЫ СЪЕЗДИ 1930-ж. 26-июндан 13-июлга чейин Москвада өткөн. Ага партиянын 1260 874 мүчөсүнөн ж-а 711609 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш м-н 1268, кеңеш берүүчү добуш м-н 891 делегат катышкан. Съезд БКнын саясий ж-а уюштуруу отчетун, Борб. текшерүү комиссиясынын, БККнын, Коминтерндин Аткомунда-гы ВКП (б) делегациясынын отчётторун, ө. ж-да беш жылдык пландын орундалышын, колхоз кыймылы ж-а а. ч-сын көтөрүү маселелерин, реконструкция мезгилиндеги профсоюздардын милдеттерин талкуулап, партиянын борб. органдарын шайлаган. 15-съездден 16-съездге чейинки мезгил капит. өлкөлөр үчүн да, СССР үчүн да маанилүү мезгил болгон. Бирок капит. өлкөлөр м-н СССРдин абалынын өзгөрүшүндө кескин айырмачылыктар бар эле. СССРдин эл чарбасы айныбай өйдөлөп жатса, капит. өлкөлөрдүн экономикасы кризиске терең баткан. Совет бийлиги 1929-жылдын аягында а. ч-сын туташ коллективдештирүү негизинде кулактарды чек-төөдөн тап катары жоюу саясатына өткөн. Эл чарбасынын жалпы системасында ө. ж-дын салыштырма салмагы а. ч-сынын салыштырма салмагын басып кеткен. Бирок соц. индустрия катуу темпте өнүгүп жатса да, ө. ж. өндүрүшүнүн деңгээли жагынан биздин өлкө дагы эле алдыңкы капит. өлкөлөрдөн алда канча артта эле, ошон үчүн ө. ж-дын өнүгүү темпте-рин дагы тездетүү, ал темпти басаң-датууга аракеттенген оппортунист-терге каршы чечкиндүү күрөш алып баруу талап кылынды. Съезд ВКП (б) БКнын саясий жолу м-н ишин кубаттап, соң. курулуштун большевиктик күжүрмөн темптерин мындан ары да камсыз кылуу, беш жылдыкты төрт жылда орундоого жетишүү жагын БКга тапшырды; оор ө. ж-ын ар тараптан өөрчүтүп, өлкөнүн чыгышында жаңы көмүр-мөталлургия базасын түзүү ж-дө көрсөтмө берди; колхоз курулушун өөрчүтүү зарылдыгын белгилеп, БКнын 1930-ж. 5-январда-гы «Коллективдештирүү темпи жана колхоз курулушуна мамлекеттин жардам берүү чаралары жөнүндөгү» токтомун кубаттады. Капит. элементтерге каршы чабуул компартиянын айланасына совет элин тыгызыраак баш коштуруп, жумушчу табы м-н дыйкандар союзун чыңда-ды. Партия кулактардын каршылыгын кыйратып, оңчул уклондун кулакчыл экенин ашкерелеп, оңчул капитулянттардын соц. чабуулду токтотууга жасаган аракеттерин айып-тады. Съезд оңчулдардын көз караштары ВКП (б) нин негизги багытына кайчы келет деп жарыялап, оппорту-низмдин бардык түрүнө каршы айыгышкан күрөш ачууга чакырды. 16-съезд партиянын тарыхына социализмдин бардык фронт б-ча кеңири кулач жайган чабуулунун съезди катары кирди. Анда составы 71 мүчө- ден ж-а 67 кандидаттан турган БК, 13 мүчөдөн турган Борб. текшерүү комиссиясы, 187 мүчөдөн турган Борб. контроль комиссиясы шайланган.
Ад.: КПСС… резолюцияларында жана чечимдеринде, З-б., Фр., 1959; Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын тарыхы, Фр., 1971.

ВКП (б) нин ОН БЕШИНЧИ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1926-ж. 26-октябрдан 3-ноябрга чейин Москвада өткөн. Конф-яга чечүүчү добуш м-н 194, кеңеш берүүчү добуш м-н 640 делегат катышкан. Анда эл аралык абал, өлкөнүн чарб. абалы, профсоюздар ишинин жыйынтыктары ж-а кезектеги милдеттери, оппозиция ж-а партиянын ички абалы ж-дөгү маселелер каралган. Конф-янын рез-ясында калыбына келтирүү мезгили аяктаганы, эл чарбасы жаңы өнүгүү мезгилине, б. а. чарбаны жаңы техникалык негизде кайра куруу мезгилине киргени, о. эле ө. ж-ды ылдам темпте өнүктүрүү ж-а материалдык каражаттар м-н камсыз кылуу чаралары белгиленген; ө. ж. жагынан өнүккөн ка-пит. өлкөлөрдү кыска мөөнөттө кууп жетип, озуп кетүү милдети коюлган; профсоюздар иштери ж-дөгү рез-яда өлкөнү соң. индустриялаштыруу, чарбачылыкта үнөм тартибин катуу сактоо, массага коммунисттик тарбия берүүдө профсоюздардын ролун күчөтүү, ө. ж. ишканаларында өндүрүштүк кеңешмелерди жакшы өткөрүү чаралары аныкталган. Конф-я оппозиция ж-а партиянын ички абалы тууралуу маселени талкуулап, партиянын башкы жолун троцкийчил-зи-новьевчил блоктон коргоп калган. «ВКП (б)деги оппозициялык блок жөнүндөгү» рез-яда троцкийчил-зи-новьевчил блокту партиянын ичиндеги с.-д. меньшевиктик уклон деп мүнөздөн, ал блокко каршы катуу күрөш алып баруу чараларын белгилеген.
Ад.: КПСС… резолюцияларында жана -етамдеринде, 2-6., Фр., 1957.
ВКП (б) нин ОН БЕШИНЧИ СЪЕЗДИ 1927-ж. 2—19-декабрда Москвада өткөн. Ага партиянын 887233 мүчөсүнөн чечүүчү добуш м-н 898 делегат, 348957 мүчөлүгүнө кандидатынан кеңеш берүүчү добуш м-н 771 делегат кагышкан. Анда БКнын саясий ж-а уюмдаштыруу отчетун, Борб. текшерүү комиссиясынын, БКК-ЖДИ-*лт, Коминтерндеги ВКП (б) делега-ггдясынын отчеттору угулган; эл чарбасын өнүктүрүүнүн беш жылдап; планы б-ча директивалар ж-а айыл-кыштактагы иш ж-дө маселелер талкууланган; партиянын ?«таб. органдары шайланган. Съезд ЕКнын саясий ж-а уюмдаштыруу байттын толук жактырып, ага тынчтык саясатын уланта берүү, бардык ■кхөлөрдүн эмгекчилери м-н тууганча байланышты чыңдоо, өлкөнүн Еэ’ргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жаал тапшырды; соц. индустриялаш-тасгуу темпин өөрчүтүү, капит. эле-ШЕТтерди жоюш үчүн орто дыйкан-дар м-н союздашып, кулактарга чабуул коюу милдетин БКга жүктөдү. Майда дыйкан чарбаларын соц. ири чарбага айландырууну 1-кезектеги милдет кылып коюп, а. ч-сын коллективдештирүү жолдорун белгиледи. 15-съезд тарыхка коллективдештирүү съезди деп кирди. Анда партиянын биримдиги м-н дисципли-насын сактоо б-ча БККнын иши ку-батталып, БКК-ЖДИге жумушчу-дыйкан массасын мамл. аппараттын ишине ж-а бюрократизмге каршы күрөшкө тартуу жагы сунуш кылынды. Съезд троцкийчил-зиновьевчил блокту жоюу маселесин да карап, оппозиция идеялык жактан ленинизмден кол үзгөнүн, меныпевикчил топко айланганын, эл аралык ж-а ички бурж. күчтөргө кол куушура баштаганын көрсөттү; партия м-н оппозициянын келишпөөчүлүгү программалык келипшөөчүлүккө өсүп жетип, троцкийчил оппозиция антисов. күрөштүн факторуна айланды деп жарыялады; Л. Д. Троцкийди, Г. Е. Зи-новьевди партиядан чыгаруу ж-дөгү БК м-н БККнын 1927-ж. 14-ноябрда-гы токтомун кубаттап, оппозициянын дагы 75 активдүү мүчөсүн, о. эле көрүнөө антирев-ячыл жолго түшкөн Сапронов тобун (23 адам) партиядан чыгарды. Съезд составы 71 мүчө м-н 50 кандидаттан турган Борб. комитетти, 9 мүчөдөн турган Борб. текшерүү комиссиясын ж-а 195 мүчөдөн турган Борб. контроль комиссиясын шайлаган.
Ад.: КПСС… резолюцияларында шана чечимдеринде, 2-6., Фр., 1957; Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын тарыхы, Фр., 1971.
ВКП (б) нин ОН ЖЕТИНЧИ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1932-ж. 30-январдан 4-февралга чейин Москвада өткөн. Ага чечүүчү добуш м-н 386, кеңеш берүүчү добуш м-н 525 делегат катышкан. Анда ө. ж-дын 1931-жылдагы өнүгүшүнүн жыйынтыктары ж-а 1932-жыл-дагы милдеттери, 1933—37-ж. үчүн СССР эл чарбасын өнүктүрүүнүн 2-беш жылдык планынын директивала-рын түзүү маселелери каралган; өлкөнү соц. индустриялаштырууга, соц. экономиканын фундаментин курууга ж-а аяктоого, СССРдин экон. өз алдынчалыгын камсыз кылууга ба-гыттаган партиянын 14, 15, 16-съезд-деринин чечимдеринин ийгиликтүү аткарылып жатканы көрсөтүлүп, бул ийгиликтер троцкизм м-н оңчул оп-портунисттерден арылган партиябыз өзүнүн негизги жолун БКнын жетекчилиги м-н ырааттуу ишке ашыр-гандыктан гана мүмкүн болду деп бааланды. Конф-я биринчи беш жылдыкта төрт жылда аткаруу демилгесин, соң. ө. ж-ды өнүктүрүүнүн 1932-жылдагы планын кубаттады; эл чарбасын реконструкциялан бүтүрүү жагын негизги чарб. милдет деп эсептеп, экинчи беш жылдыктын негизги саясий милдети бардык капит. эле-менттерди биротоло жоюу, өлкөдөгү рдык эмгекчилерди соң. коомдун аң-сезимдүү, активдүү куруучуларына айландыруу, маданий рев-яны ишке ашыруу болот деп көрсөттү.
Ад.: КПСС… резолюцияларында жана чечимдеринде, 3-6., Фр., 1959; 17-ая конференция ВКП(б). Стенографический отчет, М., 1932.
ВКП (б) нин ОН ЖЕТИНЧИ СЪЕЗДИ 1934-ж. 26-январдан 10-февралга чейин Москвада өткөн. Ага партиянын 1872 488 мүчөсүнөн ж-а 935 298 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш м-н 1225, кеңеш берүүчү добуш м-н 736 делегат катышкан. Анда БКнын, Борб. текшерүү комиссиясынын, БККнын, Коминтерндин Аткаруу ко-митетиндеги ВКП (б) нин делегация-сынын отчеттору, 2-беш жылдык план, парт, ж-а сов. курулуштун уюштуруу маселелери талкууланып, партиянын борб. органдары шайланган; ВКП (б) БКнын саясий багыты, практикалык иши бир добуштан жактырылып, эл аралык абалга терең анализ жасалган; биринчи беш жылдык план мөөнөтүнөн мурда (4 жыл З айда) аткарылышына байланыштуу чарб. ийгиликтерге баа берилип, СССР эл чарбасын өнүктүрүүнүн 2-беш жылдык планын (1933—37) түзүү үчүн директива кабыл алынган. Съезддин рез-яларында партиянын ленинчил башкы жолун ишке ашыруу натыйжасында совет эли соң. курулушта зор ийгиликтерге жетиш-кени, арттагы агрардык өлкөдөн алдыңкы индустрйялуу-колхоздук дер-жавага айланганы, өлкөдө акыркы капит. тап — байлар м-н кулактар талкаланганы, колхозчулар айыл-кыштактагы Совет бийлигинин бекем тиреги болуп калганы көрсөтүлгөн; ал эми алдыдагы негизги саясий милдет деп капит. элементтерди ж-а адамды адам эзишин туудуруучу се-бептерди биротоло жок кылуу, негизги чарб. милдет деп эл чарбасын техника жагынан реконструкциялоо эсептелген. 17-съезд тарыхка ж е-ңүүчүлөр съезди болуп кирди. Съезд парт, ж-а сов. курулуш ж-дө маанилүү рез-я кабыл алып, эл чарбасын уюштуруу жагынан жетекчиликти жакшыртуу максатында иштин аткарылышын текшерип туруу зарылдыгын көрсөттү; сын ж-а өзүн өзү сыноону күчөтүүгө, соц. мелдеш-ти өөрчүтүүгө, массанын активдүүлүгүн көтөрүүгө чакырды. Анда БККнын ордуна ВКП (б) БКнын алдында Парт, контроль комиссиясы ж-а СССР ЭКСтин алдындагы Сов. контроль комиссиясы түзүлдү. Съезд партия Уставынын жаңы редакция-сын кабыл алды. Анда партияга кыскача аныктама, парт, ички демократия ж-а парт, дисциплина ж-дө маанилүү маалыматтар берилди. Сан жагынан өсүп, уюмдаштыруу жагынан бекемделген парт, ячейкаларга баштапкы партиялык уюмдар деген жаңы наам ыйгарылды. Съезд 71 мүчөдөн ж-а 68 кандидаттан турган БК, 61 мүчөдөн турган Парт, контроль комиссиясын, 70 мүчөдөн турган Сов. контроль комиссиясын, 20 мүчөдөн турган Текшерүү комиссиясын шайлаган.
Ад.: КПСС… резолюцияларында жана чечимдерйнде, З-б., Фр., 1959; Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын тарыхы, Фр., 1971.
ВКП (б) нин ОН СЕГИЗИНЧИ СЪЕЗДИ 1939-ж. 10—21-мартта Москвада өткөн. Ага партиянын 1588 852 мүчөсү м-н 888 814 мүчөлүгүнө канди-датынан чечүүчү добуш м-н 1569, кеңеш берүүчү добуш м-н 466 делегат катышкан. Анда ВКП (б) БКнын Борб. текшерүү комиссиясынын, Ко-минтерндин Аткомундагы ВКП (б) нин делегациясынын отчёттук докладда-ры, СССР эл чарбасын өнүктүрүүнүн үчүнчү беш жылдык планы, ВКП(б)-нин Уставына өзгөртүүлөр киргизүү, ВКП (б) нин Программасын өзгөртүү б-ча комиссия шайлоо ж-а партиянын борб. органдарын шайлоо маселелери талкууланган; БКнын саясий багыты м-н практикалык иши жак-тырылып, эл аралык абалга ж-а СССРдин тышкы саясатына анализ жасалган. БКнын отчёттук докладында дүйнөнү кайра бөлүштүрүү үчүн кагшт. өлкөлөр өз ара өчүгүшүп, агрессия-чыл мамлекеттер (Германия, Италия, Япония) 2-дүйн. согушту баштаганы, Батыш Европа өлкөлөрүн башкарган-дар коллективдүү коопсуздук саясатынан баш тартканы, «кийлигишпөө» саясатын жүргүзүп, фаш. агрессор-лорду колдоо саясатына өткөнү ачык-айкын көрсөтүлгөн. Ал докладда эзүүчү тап калдыктары биротоло жоюлуп, жумушчулар м-н дыйкандар союзу чыңалганы, коомубузда моралдык-саясий биримдик, эл достугу, сов. патриотизм сыяктуу жаңы коомдук кыймылдаткыч күчтөр тү-зүлгөнү, өлкөнүн ө. жайы м-н а. ч-сын жаңы техниканын негизинде реконструкциялоо аяктаганы белгиленген; жан башына продукт өндүрүп чыгаруу жагынан өнүккөн капит. өлкөлөрдү кууп жетип, озуп кетүү партия м-н совет элинин жакын арадагы негизги милдети деп жарыяланган; соц. мамлекеттин өнүгүш фаза-лары ж-а функциялары ж-дөгү теориялык маселелер каралып, социализм тушунда мамлекет жоюлат, ошондуктан мамл. органдарды жоё баштоо керек деген зыяндуу пикирлер катуу сынга алынган. Съезд мамлекеттин бардык органдарын, өзгөчө социализм өлкөсүн коргоо функциясын ишке ашыруучу органдарды ар тараптан чыңдоого чакырган. Съездде сов. коомдун составындагы өзгөрүштөрдү чагылдырган партиянын жаңы Уставы кабыл алынган. Партияга кирүүчулөр үчүн бирдей кабыл алуу шарты, бир түрдүү кандидаттык стаж белгиленген. Партияга кабыл аларда адамдардын тигил же бул социалдык топтон чыкканына жараша ар түрдүү категорияга бөлүү жоюлган. Устав партия мүчөлөрүнүн укуктары ж-дөгү пункт м-н толукталып, партиядагы туташ тазалоого чек коюп, баштапкы парт, уюмдардын укуктарын кеңейткен. Съезд СССР эл чарбасын өнүктүрүүнүн 3-беш жылдык планын бекиткен, социализмди курууну аяктап, коммунизмге бара-бара өтүүгө багыт берген. Съездде 71 мүчө ж-а 68 кан-дидаттан турган БК, 50 мүчөдөн турган Борб. текшерүү комиссиясы шайланган.
Ад.: КПСС… резолюцияларында жана чечимдерйнде, З-б., Фр., 1959; Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын тарыхы, Фр., 1971.
ВКП (б) нин ОН ТӨРТҮНЧҮ СЪЕЗДИ 1925-ж. 18—31-дек. Москвада өткөн. Ага партиянын 643000 мүчөсүнөн ж-а 445 000 кандидатынан чечүүчү добуш м-н 665, кеңеш берүүчү добуш м-н 641 делегат катышкан. Анда БКнын, Борб. текшерүү комиссиясынын, БККнын, РКП (б)нин Коминтерндин Аткомундагы өкүлдөрүнүн отчеттору, чарб. курулуштун кезектеги милдеттери, профсоюздар м-н комсомолдун иштери, партиянын Уставын өзгөртүү маселелери талкууланып, партиянын борб. органдары шайланган. Съезд БКнын саясий ж-а уюмдаштыруу жолун, өлкөнү соң. индуст-риялаштырууга алган багытын кубаттап, БКга партия биримдигин сактоо үчүн чечкиндүү күрөш алып баруу тапшырылган. Ошол кезде эл аралык абалда маанилүү өзгөрүштөр жүрүп жаткан эле. Сов. түзүлүштү жок кылууга алы жетпеген капит. өлкөлөр ультиматум, согуштук опуза саясатынан СССРди таануу, аны м-н дипл. ж-а соода мамилелерин түзүү саясатына өтө баштаган. Съезд эл аралык кызматташтык, тынчтык саясатын чечкиндүү жүргүзүп, өлкөнүн коргонуу кудуретин, пролет, диктату-расын чыңдоого ж-а өлкөнү соң. негизде индустриялаштырууга көрсөтмө берген. 14-съезд индустриялаш-тыруу съезди болду. Социализм үчүн андан ары күрөш жүргүзүү жолун аныктап, съезд «социалисттик коомду толук куруу үчүн зарыл болгон бардык нерселер бар» (КПСС. резолюцияларда жана чечимдерде, 2-бөлүк, 225-6.) экенин белгиледи. Тап күрөшү күчөп турганда пролетариаттын кыштактагы таянычы кедейлер м-н батрактар, союздашы орто дыйкан болорун, о. эле өлкөнү индустрия-лаштыруу ж-а кыштактагы кулактарды талкалоо жумушчу м-н дыйкандар союзун чыңдоого багыттала-рын аныктады. Өлкөдө социализмди куруу мүмкүн экенине шектенген Зиновьев м-н Каменевдин «жаңы оппозициясы» съездде партиянын жолуна каршы чыкты. Алар жаңы экон. саясатты артка чегинүү, соң. типтеги ишканаларды мамл.-капит. ишканалар деп жалаа жабышты. Съезд «жаңы оппозицияны» жаман чүмбөттөл-гөн троцкийчилдик деп, алардын ка-питулянтчыл аракеттерине бир добуштан протест жасап, партиянын би- римдигин бузууга каршы багытталган ар кандай аракеттерге чечкиндүү күрөш жүргүзүүнү БКга тапшырды. Ленинград парт, уюмунун бардык мүчөлөрүнө үндөө кабыл алып, анда зиновьевчил оппозиция Ленинград партия уюмунун ишенимин актаба- гандыгы айтылды. Ленинград коммунисттеринин 97% тен көбурөөгү партиянын 14-съездинин рез-яларын кубаттап, Зиновьевди Ленинград партия уюмунун секретарлыгынан бошотуп, анын ордуна С. М. Кировду шайлашты. Съезд бир нече делегат-ты — А. А. Андреев, К. Е. Ворошилов, М. И. Калинин, И. И. Степанов-Скворцов ж. б-ды Ленинграддын жерг. уюмдарына партиянын багытын түшүндүрүүгө жиберди. Профсоюздардын ж-а комсомолдун иши ж-дөгү маселелер талкууланып, маанилүү рез-ялар кабыл алынды. РКП (б) нин наамы өзгөртүлүп, Бүткүл союздук коммунисттик (большевиктер) партиясы — ВКП (б) деп аталды, пар- \ тиянын жаңы Уставы кабыл алынды; Составы 63 мүчө ж-а 73 кандидаттан турган БК, 163 мүчөдөн турган Борб. контроль комиссиясы, 7 мүчөдөн турган Борб. текшерүү комиссиясы шайланды. Өлкөнү индустриялаштырууга партиянын алган багыты жак-тырылып, оор индустрияны ж-а анын өзөгү — машина куруу ө. жайын өнүктүрүү 1-кезектеги милдет деп көрсөтүлдү; партиянын ичиндеги ан-тиленинчил элементтердин партиянын башкы жолуна каршы чыгышы айып-талып, «жаңы оппозициянын» идео-логиясына кыйраткыч сокку урулду, анын саясий платформасы троцкий-чил-зиновьевчил мүнөздө экени айкындап ды.
Ад.: КПСС… резолюцияларында жана чечимдерйнде, 2-6., Фр., 1957; Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын тарыхы, Фр., 1971.
ВЛАДИВОСТОК — РСФСРдин Приморье крайынын борбору, Ы. Чы-гыштагы ири шаарлардын бири. Калкы 526 миң (1976). СССРдин Тынч океандагы негизги деңиз порту, Сибирь т. ж. магистралынын негизги пункту. В.— ири ө. ж. борбору. Кеме ремонттоочу, балык ж-а краб иштетүүчү машиналар, тоо шахтаадрынын жабдуулары, түрдүү конвейерлер, на-состор, металл конструкциялары ж. б. чыгарылат. Прибор куруучу, радио ж-а аспап ө. ж. түзүлгөн. Тамак-аш, балык ж-а эт комбинаты, сүт з-ду, кондитер ф-калары, темир-бетон конструкция з-ду, үй куруу комбинаты ж. б. ишканалар иштейт. Шаарда СССР ИАнын Ыраакы Чыгыштагы илимий борбору, илимий из. мекемелер, ун-т, политех., балыкчылык, мед. ин-ттар, деңиз инженерлеринин жог. окуу жайы, курулуш техникум-дары, 4 театр, филармония, 3 музей ж-а телеборбор бар. Шаар 1860-ж. негизделген.
ВЛАДИМИР — РСФСРдеги Владимир обл-нын борбору. Клязьма д-нын сол жээгинде, Чыгыш Европа түздүгүнүн борб. бөлүгүндө жайгашкан. Москвадан 190 км түн.-чыгышта, автомобиль ж-а т. ж-дор тоому. Калкы 263 миң (1974). Совет бийлиги жылдарында ири индустрия борборуна айланды. Ө. ж-нда алдыңкы орунду машина куруу ээлейт; трактор, «Автопри-бор», «Электр прибор», «Электр мотор» ж. б. з-ддор бар. Химия ө. ж. (синтет. чайыр, пластмасса ж-а алардан жасалган буюмдар) өнүгүүдө. В-ди 1108-ж. Владимир Всеволодович Мономах негиздеген.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *