ВЙЛЬНО КОНФЛИКТИ

ВЙЛЬНО КОНФЛИКТИ (1920—39)— Вильно ш. (азыркы Вильнюс) ж-а Вильно обл. үчүн Польша м-н Литва-нын чыр-чатагы. 1920-ж. 12-июлдагы совет-литва договору б-ча Вильно ж-а ага тутумдаш область Литванын составына кирген. Польша өкмөтү да Литванын Вильного укуктуулугун 1920-ж. 7-октябрдагы польша-литва договорунда ырастаган. Бирок 1920-ж. 9-октябрда польша аскерлери Виль-нону басып алган. Батыш державалары бул аппекспяны закондоштуруу максатын көздөгөн. Англия, Италия, Япония элчилеринин Париждеги конф-ясында (1923, 15-март) Вильно обл-н Польшаиын карамагында калтырууга чечим кылынган. Литва бул чечимди четке каккан. Совет өкмөтү да өз нотасында аны тааныбастыгын билдирген. Совет өкмөтүнүн •чечкиндүү аракетинен улам Литва көз карандысыздыгын сактап калган. 1938-ж. мартта Польша м-н Литва өз ара дипл. мамиле түзгөн. Сов. Армия бошоткон соң 1939-ж. 10-октябрдагы договор б-ча Вильно обл. Литвага өткөрүлүп берилген.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *