ВЙЛЛА

ВЙЛЛА (дат. villa— короо-жай, кыштак) — шаар сыртына курулган бак-дарактуу үйдүн бир түрү. В-лар б. з. ч. 3-к-да Италияда пайда болуп, 2—1-к-да бүткүл Жер Ортолук деңиздин боюна тараган. Бул учурдагы В-лар турак жай ж. б. курулуштардан турган арх-ралык комплекстен түзүлгөн. Кийинчерээк (империя доорун-да) террасалуу, парк-павильондору бар В-лар салынган. 15—17-к-да В. салуу Италияда өнүккөн. Кайра жаралуу доорунун ортосунда башкы имараты — казиносу бар В. куруу салтка айланган. 19-к-да шаар сыртына же дем алуучу жайларга салынган бак-паркы бар комфорттуу үйлөрдү,? В. дешкен. 20-к-да да шаар сыртындагы жеке менчик комфорттуу үйлөр В. деп аталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *