ВИШНЕВСКИЙ Всеволод Витальевич

ВИШНЕВСКИЙ Всеволод Витальевич [8(21). 12. 1900—28. 2. 1951]—орус совет жазуучусу. 1937-жылдан КПСС мүчөсү. Биринчи дүйн. согушка, 1917-ж. октябрда Петрограддагы көтөрүлүшкө катышкан. Гражд. согушта (1918—20) жүрүп, Балтика ж-а Кара деңиз флотторунда командир ж-а саясий кызматкер болгон. 1939-ж. В. ак финдер м-н согушка, 1941 — 44-ж. Ленинградды коргоого катышкан. 1944—51-ж. «Знамя» журналынын редактору. Чыг-лык иши 20-жылдар-да башталган. Анын негизги чыг-ла-ры: «Деңиз аңгемелеринин жыйнагы» (1924), «Биринчи Атчандар Армиясы» (1929) аттуу эпикалык драма, «Акыркы чечүүчү» (1931), «Батыштагы салгылашуу» (1933), «Оптимисттик трагедия» (1933), «Унутулгус 1919-жыл» (1949; СССР мамл. сыйлыгы, 1950) пьесанары. В-дин «Оптимисттик трагедиясы» б-ча жазылган опера 1-жолу Кырг-нда коюлган. В-дин пьесалары чет өлкөлөрдө да кеңири белгилүү. Эки Ленин ордени, башка 5 орден, медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Бородина О. К., Всеволод Вишневский, К., 1958; Рудницкий К., Портреты драматургов, М., 1961.