ВИШНЕВСКИЙ Александр Васильевич

ВИШНЕВСКИЙ Александр Васильевич [23. 8(4. 9). 1874—13. И. 1948] — сов. хирург, СССР мед. ИАнын анык мүчөсү (1947), РСФСРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1934). Казан ун-тинин мед. ф-тетин бүткөн (1899). Казандагы госпиталдык хирургия (1914—25) ж-а факультеттин хирургия клиника-сынын башчысы (1926—34). СССР МИАнын Хирургия ин-тунун директору (1947). Ушул ин-тка 1948-ж. В-дин ысмы коюлган. В. операция убагында ооруганды сездирбей турган новокаинди ж-а майлуу баль-замдык байлоо методун сунуш кылган. Бул метод антисептикалык дары катары гана эмес, нерв системасына таасир эткендиктен, ткандардын сез-генишин (гангрена, трофикалык жара, тромбофлебит, чыйкан, ириң толгон шишикти) дарылоодо да жакшы натыйжалар берет. В. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1942). Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *