ВИШНЕВСКИЙ Александр Александрович

ВИШНЕВСКИЙ Александр Александрович [11(24). 5.1906—19. 11.1975] — сов. хирург, СССР мед. ИАнын акад. (1957), Соң.Эмг.Баатыры (1966). 1950-жылдан КПСС мүчөсү. Мед. кызматтын генерал-полковниги. 1929-ж. Казан ун-тинин мед. ф-тетин бүтүргөн. 1948-жылдан СССР мед. ИАнын А. В. Вишневский атн. Хирургия ин-тунун директору ж-а Сов. Армиянын башкы хирургу (1956). В. жүрөктүн, өпкө-нүн операциясында оорутпоо, хирур-гияда полимерди колдонуу сыяктуу проблемаларды иштеп чыккан. Ал 1953-ж. жергилик (местный) анестезия м-н жүрөккө дүйнөдө 1-болуп операция жасаган. 1957-ж. жүрөккө операция жасоодо жасалма кан айланды-руучу аппаратты СССРде 1-жолу колдонгон. 1955-ж. жергилик оорутпоо ж-дөгү иши үчүн Лериш атн. эл аралык сыйлык берилген. Лениндик сыйл. (1960) ж-а СССР мамл. сыйл. (1970) лауреаты. Эл аралык хирург-дардын ассоциациясынын ж-а бир нече чет өлкөлүк ил. мед. коомдун мүчөсү. Үч Ленин ордени, башка көптөгөн орден ж-а медалдар, о. эле чет өлкөлөрдүн ордендери м-н сыйланган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *