ВИТИЙМ

ВИТИЙМ — Бурят АССРшздеги дарыя. Чита ж-а Иркута обл-тары аркылуу агат. Ленанын оң куймасы. Уз. 1837 км. Алабынын аянты 225 миң км2. Икат кырка тоосунан башталып, жог. ж-а ортоңку агымында Витим бөксө тоосун түш.-чыгыш ж-а чыгышынан айланып, кууш өрөөндөр аркылуу агат. Төмөнкү агымында Тун. Байкал тайпак тоосу м-н Патом тайпак тоосунун ортосунан өтөт. Көбүнчө жамгырдан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2000 м3 /сек (чатында), эң көбү 4900 м3/сек (июнь), эң азы SO мг/сек. Ноябрда тоңуп, майда айыгат. Негизги куймалары: Конда, Ка-рента. Калакай, Бодайбо, Калар, Ци-~а. Муя, Мамакан, Мама. Чатынан Бодапбого чейин кеме жүрөт. Негизги прпстаны — Бодайбо. Алабында алгын ж-а слюда кендери бар.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *