ВИТЕБСК

ВИТЕБСК — Витебск (БССР) обл-нын борбору. Витьбанын Батыш Двина д-на куйган жеринде, ири пристань. Калкы 265 миң (1974). БССРди ж-а УССРди Ленинград м-н, СССРдин борб. райондорун Балтика бою м-н байланыштыруучу т. ж. тоому. Белоруссиянын ири ө. ж. борбору. Жеңил ө. ж. алдыңкы орун ээлейт (килем, жибек токуу комбинаты, байпак-три-котаж ф-касы, тери з-ду ж. б.). Машина куруучу ж-а металл иштетүүчү (станок куруу, электр ченөөчү прибор, радио тетиктери, трактордун запас бөлүктөрү ж. б.) заводдор, тамак-аш ө. ж., курулуш материал чыгаруучу ишканалары бар. Жыгач иштетүүчү, үй курулуш комбинаты иштейт. В. 1021-жылдан белгилүү. Тех-нол., пед. ин-ттар ж-а край таануу музейи бар.