ВИТЕБСК ОБЛАСТЫ

ВИТЕБСК ОБЛАСТЫ БССРдин составында 1938-ж;. 15-январда түзүлгөн. Батыш Двина м-н Днепрдин жог. агымында, респ-канын түн.-чыгышын-да. Аянты 40,1 миң км2. Калкы 1389,9 миң (1976). 21 район, 19 шаар, 26 ш. т. посёлка бар. Борбору — Витебск ш. Жери түзөң. Деңиз деңг. 150—295 м бийик. Эң чоң түздүгү — Полоңк. Мында доломит ж-а доломиттүү аки таш кендери чыгат. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы — 7,5°С, июлдуку 17,5°С Жылдык жаан-чачыны 550—650 мм. Дарыяла-ры Балтика ж-а Кара деңиздеринин алабына кирет. Ирилери: Днепр ж-а Батыш Двина. Көлдөрү: Освейский, Снуды, Дривяты ж. б. Жер кыртышы чымдуу күл топурактуу. Областтын аймагынын 33,4% токой. Түндүгүндө карагай ж-а кызыл карагай, түштүгүндө кайың, ольха, бай терек өсөт. Калкынын көбү —белорус (80%); орус, еврей ж-а украин да жашайт. Калкынын орт. жышт. 1 км2 ге 34 киши. Ири шаарлары: Витебск, Ор-ша, Полоцк. Шаар калкы 45% (1970). Областта текстиль-трикотаж, машина куруу, химия, отун, тамак-аш ө. ж. тармактары жакшы өнүккөн. Станок-тор ж-а приборлор, запас бөлүктөр, тигүүчү, текстиль машиналары жасалат. Волга боюнан түтүк аркылуу келген нефтини иштетүүчү Полоцки-деги заводдун базасында ири хим. комплекс түзүлдү. Полиэтилен, нит-рилакриль к-тасы, синтет. була ж. б. чыгаруучу хим. комбинат иштейт. БССРдин зыгыр була з-ддорунун 1/3 ушул областта. Байпак-трикотаж, жибек ж-а килем токуу, тигүү, булгаа-ры-бут кийим ишканалары бар. Курулуш материалдар, жыгач иштетүү ж-а мебель, кагаз, тамак-аш (эт-сүт, консерва, ун, макарон, спирт-арак) ө. ж. өнүккөн. Областта 448 колхоз, 152 совхоз бар (1976). Жеринин 30% айдоо, 11,6% чөп чабык, 6,5% жайыт (1969). Зыгыр, кара буудай, арпа, сулу, буудай, картошка, тоют өсүмдүктөрү эгилет. Уй, чочко, кой-эчки багылат. Транспортунун маанилүүсү— темир жол. Анын жалпы уз. 13,8 миң км. Автомобиль жолунун уз. 5 миң км.. Жерг. кеме катнашы бар. Областтын аймагынан «Достук» нефть түтү-гүнүн бир тармагы өтөт. 1975—76-окуу жылында 1501 жалпы билим берүүчү мектеп, 26 профтех., 25 атайын орто ж-а жог. окуу жайы (тех-нол., вет., пед., мед. ин-ттар, Белорус политех, ин-тунун кечки жалпы тех. ф-тети) болгон. 1970-ж. 14,7 миң койкалуу ооруканаларда 3,3 миң врач иштеген. Белорус тилинде областтык «Вщебсга рабочы» (1917-жыл-лан) газетасы чыгат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *