ВИТВАТЕРСРАНД

ВИТВАТЕРСРАНД, Р а н д — составында ураны бар алтын рудасынын дүйнө жүзүндөгү ири кени. Түш. Афр. Ресд-касынын аймагында, Трансвааль провинциясынын түштүгүндө, Лимпопо ж-а Вааль д-ларынын башатында. Рудалуу аймактын туурасы 25—100 км, уз. 350 км. Көн 1884-ж. ачылган. Казыла баштагандан (1866) тартып 1967-жылга чейин кенден 21 миң ш; 1965-ж; 900 ш чамасында (капит. өл-көлөрдөгү жалпы өндүрүүнүн 2/3 бөлүгү) алтын алынган. Рудадагы алтындын өлчөмү 8—20 г/г. Рудада алтындан башка уран (өлчөмү 0,019— 0,38%, кээде 0,1%), күмүш (9-10%) ж-а жез (3%) бар. Кен дүйнөдөгү эң терең (3700 м) шахталар м-н казылып алынат. Кен аймагы негизинен кембрийге чейинки мезгилде пайда болгон сланец, кварцит, конгломерат ж-а жанар тоо тектеринен түзүлгөн. Руда кварцит катмарлары м-н бөлүнгөн конгломерат кабатчаларьща топтолгон. Алардын калыңд. 2—3 см ден З м ге чейин (жалпысынан 7—10 м). Уз. 80 км ге, тереңд. 3—4 км ге жетет. Рудадагы алтын өтө майда, ар кандай формадагы бүртүкчөлөр (өлчөмү 0,01—0,07 мм) ж-а эң эле ичке тарамчалар түрүндө цементтеги суль-фиддердин составында, о. элө галька-ларда болот. Алтын бардык жерде бирдей тараган эмес, тереңдеген сайын көбөйө баштаганы байкалат. Кен-деги уран рудасы тухолит, уранинит, браннерит минералдарынан турат.