ВИТАМИН МЕНЕН ДАРЫЛОО

ВИТАМИН МЕНЕН ДАРЫЛОО, ви-таминотерапия—организмдө ви-таминдин жетишсиздигин же жоктугун, о. эле кээ бир ооруларды дары-лоодо витамин препараттарын колдонуу. Мындай дарылоо кээ бир физиол. абалда (боюнда бар кезде, эмчек эми-зүүдө) организмдин витаминге муктаждыгын канааттандыруу үчүн жүргүзүлөт. А витамини тери чор болгондо, тамак сиңирүү аппараты бузулганда, күүгүм сокур сыяктуу көз ооруларда, Bi (тиамин) — бери-бери, неврит, карындын жарасы, гастритте, жүрөк кан тамыр системасынын ж-а боордун ооруларында; Вб (пиридок-син) — тамак ж-а нерв системасын жөнгө салууда, тери ооруларында; С витамини цинга, аллергия, атеросклероз, ичеги-карын ж-а жугуштуу оору-парда, Д — итий, остеоропоз, бөрү катышта, Е — булчуңдун атрофиясында, тромбофлебит ж-а флебиттө; К — канда протромбиндин жетишсиздигинен кан кетүүнү токтотууда керектелет. Организмде көп витаминдер жетишсиз (полигиповитаминоз) болсо, көп витаминдүү препараттар пайдаланылат. Мис, боордун оорусунда вита-миндердин комплекси бар холин-хло-рид берилет.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *