ВИТАМИНДҮҮ ТОЮТ

ВИТАМИНДҮҮ ТОЮТ—витамини көп ар түрдүү тоют. Малдын витаминди керектешин рационго В. т-ту кошуу м-н толуктоого болот. А витамининин негизги булагы — каротиндүү көк чөп, бөтөнчө чанактуу өсүмдүк (1 кг да 30—100 мг), жакшы кургатылган чөп (кг да 20—30 мг), чөп уну (кг да 100—250 мг), сабиз (кг да 70—95 мг), балык майы; Д витаминдики — чанактуу өсүмдүктүн кургак чөбү (1 кг да 750—900 ИЕ), ууз (100—200 ИЕ), балык майы (50 000 ИЕ), ультракызгылт көк нуруна какталган тоют ачыткысы (3000—20 000 ИЕ); С витаминдики — жаш көк чөп, асыресе бүр (400—900 ИЕ) ж-а бүчүр (1000 ИЕ), тамыры тоют өсүмдүктөр (115—380ИЕ); Е витаминдики — чанактуу өсүмдүктөрдүн көк чөбү (кг да 100—150 мг) ж-а кургак чөбү (кг да 70 мг), буудай улпа-гы; В витаминдики — чөп ж-а жаныбардан алынчу тоют. Bi2 витамини балык майында (кг да 30—80 мг), эт-сөөк унунда (кг да 40 мг) көн болот. Азыр ө. ж. витаминдүү аралаш тоют чыгарат.
ВИТАМЙН-ЧӨП УН АГРЕГАТЫ, к. Чөп-ун агрегаты.