ВИТАМИНДЕР

ВИТАМИНДЕР (лат. vita — тиричилик) — жаратылыштагы түрдүү орг. кошулмалардын тобу. Алар аз өлчөмдө болсо да, башка тамак-аш заттары (белок, май, углевод, минерал, туздар) м-н бирге организмдин тиричилиги ж-а зат алмашуусу үчүн чоң мааниге ээ. В. организмдин ооруга ту-руштугун жогорулатат. В-дин эң башкы булагы — өсүмдүктөр. Адам ж-а жаныбарлар В-ди тике же кыйыр түрдө алат. Организмге тамак-аш аркылуу кирген В. ичеги-карын керегелери аркылуу өтүп, эфирдүү, амиддүү ж. б. туундуларды пайда кылат. Бул туундулар өзүнө тиешелүү белокко кошулуп, зат алмашууга катышчу ферменттерди түзөт. Өсүү мезгилинде, боюнда барда, баланы тамактан-дырууда, акыл ж-а кара күч эмгегин ашык иштөөдө организмдин В-ге муктаждыгы күчөйт. В-дин организмде аздыгы витамин жетишпегендикке, ал эми анын такыр жоктугу авитаминоз оорусуна дуушар кылат. Орус врачы Н. Н. Лунин (1880) жаныбарларды атайын тамак режиминде кармап, аларды авитаминоз оорусуна кириптер кылган. 1912-ж. польшалык врач К. Функ «В.» деген атты киргизип, кээ бир оорулар В. жетишпеге-нинен келип чыгарын аныктаган. Ошол мезгилден В. ж-дөгү изилдөөлөр жүргүзүлө баштайт. В-дин 30га жакын түрү белгилүү. В-дин хим. түзүлүшүн, физиол. таасирин изилдөө жолу м-н кээ бир ви-таминдерди синтездеп алууга болот. 16 витамин синтезделип алынган. Витамин ө. ж. витаминдүү препараттар-ды ж-а витаминделген тамак-аш про-дуктуларын иштеп чыгарат. В-дин мал чарбасында да чоң мааниси бар. Тоюткордо В. жетиштүү болсо, мал ылаңга көп учурабайт, кунарлуу келип, андан алынчу азык-түлүктүн сапаты жогорулайт, В. жашылчада, же-миште, ачыткычта, сүттө ж-а көк чөптө көп.
Ад.: Р ы с с С. М., Витамины, 2 изд., Л., 1963; Т р у ф а н о в А. В., Биохимия и физиология витаминов и антивитаминов, М., 1959; Овчаров К. Е., Витамины растений, М., 1964.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *