ВИТАЛИЗМ

ВИТАЛИЗМ (лат. vitalis— тирүү, тирүүлүк күчү) — биол. илиминдеги идеалисттик агым. В.— организмдердө материалдык касиетке ээ болбогон өзгөчө тиричилик күчтөрү бар деп санаган көз караштардын жыйындысы. Ал анимизмден (табияттагы бардык нерселер жандуу деген ишенимден) азыркы мезгилдеги антидарвинисттик ар кандай биол. окууларга чейин түрдүү формада өнүгүп келген. Табият илимдеринде матер, көз караштардын өкүм сүрүшү В-дин жалган экенин айкын кылды.
ВИТАМИН ЖЕТИШПЕГЕНДИК, к. Авитаминоз.