ВИСКОНСИН

ВИСКОНСИН — АКШнын түндүгүн-дөгү штат. Аянты 145,4 миң км2. Калкы 4,4 млн (1970). Шаар калкы 64% ти түзөт (1960). Админ. борбору — Мадисон ш. Ири шаары — Милуоки. В. — индустр.-агрардык штат. Металл иштетүү, машина куруу (а. ч. машиналары, трактор, кыймылдаткыч ж. б.) айрыкча өнүккөн; кагаз, мебель, жыгач иштетүү, тамак-аш ө. ж. да маанилүү орунда. А. ч-сы сүт багытында. Тоют чөбү, сулу, арпа, жүгөрү эгилет. Багбанчылык өнүккөн. Улуу көлдөрдө кеме жүрөт, көл жээк-теринде курорттор бар. ВЙСЛА — Польшадагы дарыя, Батыш Карпат тоолорунан башталып, Балтика деңизиндеги Гдань булуңуна куят. Уз. 1068 км. Алабынын аянты 198,5 миң км2 (анын 24 миң км2 СССР ж-а ЧССРде). В. жамгыр ж-а кар сууларынан куралат. Негизги куймалары: Дунаең, Вислока, Сан, Вепш, Буг (оң); Пилица, Брда (сол жагынан). Суусунун жылдык орт. чыгымы Варшава ш-нда 590 мъ\сек, чатында 1030 м3/сек. Декабрдын аягында тоңуп, февралдын ортосунда ачылат. В-да бир нече ГЭС курулган. Кеме жүрөт. Ири порттору: Краков, Варшава, Торунь, Тчев ж. б. ВИСМУТ (Bismuthum), Bi —Мен-далеевдин мезгилдик системасынын V тобунан орун алган хим. элемент, ат. н. 83, ат. м. 980. В. туруктуу бир изотоптон 209Bi турат. Жаратылышта таза ж-а бирикмелер түрүндө кездешет. Анын эң кеңири таралган ми-нералдары — Bi2S3 (висмут жалтыра-гы) ж-а Bi203 (висмит). Bi жер кыртышында массасы б-ча 2 •10-50/оти түзөт. В.—күмүш түстүү металл. Ты- гызд. 9,80 г[см3, эрүү 1271,3CC, кайноо t 1560°С. Бирикмелериндө 2, 3,5 ва-ленттүү. Кургак абада туруктуу, жог. темп-рада күйүп, сары түстөгү кыч-кылды Bi203 пайда кылат. В. гало-гендер м-н BiF3 өңдүү бирикмелерди берет, азот к-тасында эрийт. Күкүрт-тө эриткенде же анын туздарынын эритмесине H2S таасир эткенде кү-күрттүү В. пайда болот. В-тун Mg м-н болгон куймасына НС1 таасир эткенде В-туу суутек BiH3 пайда болот, ал— эң туруксуз уу газ. В. Bi203Ty көмүр м-н калыбына келтирүү же күкүрттүү бирикмелеринен темир м-н сүрүп чыгаруудан алынат: Bi203+ + ЗС=2Bi + ЗСО; Bi2S3 + 3Fe=2Bi + +3FeS. В. коргошун, калай, кадмий ж. б. металлдар м-н куймаларды алуу үчүн ж-а магнит талааларынын чы-ңалуусун өлчөй турган приборлордо, ядролук реакторлордо, көп бирикме-лери айнек, керамика жасоодо ж-а медицинада колдонулат.