ВИСКОЗА БУЛАСЫ

ВИСКОЗА БУЛАСЫ — табигый цел-люлозаны химч жол м-н иштетүүдөн алынган була. В. б. керектелишине жараша корд, текстиль жиби ж-а штапель буласы түрүндө чыгарылат. Аны даярдоо төмөнкүдөй этаптардан турат: вискоза эритмесин даярдоо, topMara келтирүү ж-а кургатуу. В. ■н алуу арзан ж-а андан жасалган кездемөлер түрдүү түскө жакшы боелуп, гигиеналык жакшы сапаттары м-н айырмаланат. Бирок бул кездеме тез бырышып, суу кезинде бат айрылат ж-а сүрүлүүгө чыдамсыз келет. В. б. жибек, штапель ж-а кебез же жүн кошулган кездемелерди, трикотаж ж-а абдан бышык тех. буюмдарды жасоодо кеңири колдонулат.