ВИРУСТУУ ООРУЛАР

ВИРУСТУУ ООРУЛАР — вирустар козгогон оорулар. Алар м-н киши, айбанаттар, куштар, балыктар, өсүмдүктөр, бактериялар ооруйт. Адамдагы. В. о-га суу чечек, чечек, кызамык, учук, сасык тумоо, полиомиелит, вирустуу гепатит ж. б. кирет. 20-к-дын 5.0—60-жылдары пара-грипптин, катуу башталган сасык тумоонун, бронхиттин, жугуштуу аденовирус ж-а жог. дем алуу жолдорунун, көздүн эпидемиялык ооруларынын вирустары ачылган. Адамдар кутуртма, шарп, мээ кабыгынын сезгениши, стоматит сыяктуу ооруларды жаныбарлардан, ал эми орни-тоз м-н пситтакозду канаттуулардан жугузуп алышы мүмкүн. Вирус жу-гаар замат ооруга жараша организм-де татаал процесстер жүрөт. В. о. аба, тамак-аш, сүт, суу, түрлүү буюм ж-а курт-кумурска (кене, чиркей) аркылуу жугат. Алар көбүнчө оорунун белгилерине жараша дарыланат. Кээ бир В. о-да козгогучка каршы атайын антителосу бар кан сары суусу колдонулат. В. о-дын алдын алуу үчүн ооруган адамдарды өз убагында ооруканага жаткырып, ооруну жугу-зуучу негизги булактарды жоготуу зарыл. В. о-дын көпчүлүгү катталып, статистикалык эсепке алынып турат. Чечек ж-а вирустук сары безгек оорулары б-ча эл аралык карантин кон-венциялары бар.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *