ВИРУСТАР

ВИРУСТАР (лат. virus — уу) — адамдын, жаныбарлардын ж-а өсүмдүктөрдүн жугуштуу ооруларын коз-гогучтар. В. тирүү клеткаларда гана көбөйөт. Алар көп микробдордон кичине болгондуктан ар кыл чыпкалардан өтүп кетет. В-дын бактерия-дан өзгөчөлүгү— атайын жасалган азык чөйрөлөрдө өспөйт. Эксперимент ж-а мед. изилдөө үчүн жаныбарлардын ж-а өсүмдүктөрдүн организмин-де, тирүү сакталган ткандарда, клеткаларда ж. б. өстүрүлөт. В. чечек, кызамык, грипп, полиомиелит, вев көйнөк, кутурма ооруларын ж-а өсумдуктөрдун илдеттерин пайда кылат. Жугуштуу оорулардын козгогуч-тарын 1-жолу Д. И. Ивановский сы-паттап жазган (1892). Кийинчерээк шарп, уйдун көк көйнөк, кутурма ооруларынын В-ы чыпкадан өтүп кетери далилденген. «В.» деген сөздү голландиялык ботаник ж-а микробиолог М. Бейеринк киргизген (1899). В-дын жетилген бөлүкчөлөрү — вири-ондор түрдүү формада (тоголок, таякча, жипче ж. б.). Көлөмү б-ча В. ири (300—400 нм), орто (80—125 нм) ж-а майда (20—30 нм) болуп бөлүнөт. Алардын бардыгында белоктуу чел (капсид) ж-а көбүнчө нуклеин к-тасынан турган ички нуклеокап-сиддер бар. В-дын хим. составы алардын түрүнө жараша ар кандай болот. Составында негизинен липид, ДНК, РНК, полиаминдер, витаминдер ж. б. кезигет. В. ысык (90°С) ж-а суук (-70°С) темп-рага чыдамдуу. Жаратылышта көп кездешип, киши, жаныбарлар, өсүмдүктөр аркылуу таралат. А. ч-на чоң зыян келтиргендик-тен дыйканчылыкта ага каршы ар кандай агротех. ыкмалар, мал чарба-чылыгында алдын алуучу чаралар колдонулат. Медицинада вирустук ооруларга каршы атайын эмдөөлөр жүргүзүлөт.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *