ВИОЛОНЧЕЛЬ

ВИОЛОНЧЕЛЬ — скрипка түрүнө кирүүчү бас-тенор регистриндеги жаалуу муз. аспап. В-дин 4 кылы квинта б-ча (до, соль — чоң октава, ре — кичине, ля — 1-октава) күүгө келтирилет. В. оркестрде, ансамблде ж-а жеке номерлерде колдонулат. Бул 16-к-дын башында пайда болгон. 17—18-к-да италян усталар А. Амати, Ж. Гварнери, орус уста И. А. Батов, сов. усталар Е. Ф. Витачек, Т. Ф. Подгорный ж. б. В-дин мыкты үлгүлөрүн жасашкан. И. С Бах, Л. Бетховен, Э. Григ, Ф. Шопен, П. И. Чайковский, Д. Д. Шостакович ж. б. В. үчүн кон-церттер, сюиталар, сонаталар жазышкан. В-ди эң жакшы тартуучулар: К. Ю. Давыдов, Д. Б. Шафран ж. б.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *