ВИНОГРАДОВ Виктор Сергеевич

ВИНОГРАДОВ Виктор Сергеевич [24. 2 (10. 3). 1899-ж. т., Калуга губ., Истик с] — сов. музыка изилдөөчү, Кыргыз ССРинин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1957). 1921-жылдан КПСС мүчөсү, СССР ж-а РСФСР композиторлор союзунун башкармасынын ж-а ЮНЕСКОнун элдик музыка б-ча эл аралык советинин мүчөсү. В. Москва консерваториясынан теория ж-а композиция б-ча Т. Л. Катуардын клас-сын бүтүргөн (1922—29). Ал — ЗООгө жакын макала ж-а китептин автору. В-дун «Советтик Кыргызстан музыкасы» (1939), «Токтогул Сатылганов жана кыргыз акындары» (1952), «Кыргыз эл музыкасы» (1958), «Атай Огонбаев» (1960), «Муратаалы Күрөңкеев» (1962), «Токтогулдун музыкалык мурасы» (1960), «Советтик Чыгыштын музыкасы» (1968), «СССРдин улуттук музыкалык маданиятынын өнүгүү маселелери» (1962) ж. б. эмгектери СССР элдеринин улуттук музыкасынын ар түрдүү проблемаларына, О. Азия ж-а Каз-ндын элдик ж-а профессионал музыкасынын өсүш жолуна, тарыхына, айрым музыкант-тардын чыг-ларына арналган. Ал казак, өзбек, тажик, түркмөн ж-а азербайжан элдеринин вокалдык ж-а аспаптын музыкасы ж-дөгү «Советтик Чыгыштын музыкасы» (1968), «Канаттуу ырлар» (1968) деген китептер жазган, о. эле «Н. Я. Мяс-ковскийдин симфония боюнча спра-вочниги» (1954), «Гвинея музыкасы» (1969) ж. б. эмгектер жараткан. Гвинея, Индия өңдүү чет өлкө элдеринин музыкасына байланышкан монография, очерк ж-а бир нече эскерүү жазган. В. кыргыз музыкасы ж-дө 1938-жыл-дан жаза баштаган. Анын эмгектери немец, араб, француз, англис, болгар, чех ж. б. тилдерге которулган, кээ бир чет элдик музыка изилдөөчүлөр В-го жогору баа берген. Бир топ эл аралык жыйындарда СССР элдеринин ж-а кыргыз музыкасы ж-дө мазмундуу докладдар жасаган. Алардын айрымдары АКШнын Иллионский ун-тинде, Лондондон чыгуучу бюллетендерде басылган (1965). В-дун редакторлугу м-н 1957-жылдан «Союздаш республикалардын музыканттары жана музыкасы» деген сериялар м-н китепчелер чыгат. Кыргыз ССРинин Токтогул атн. Мамл. сыйлыктын лауреаты (1967). Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: А л а г у ш ов Б., Кыргыз музыкасынын чалгынчысы, Фр., 1969; Б ахм ан В., Начало скрипичной игры, Лейпциг, 1946.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *