ВИНОГРАДОВ Иван Матвеевич

ВИНОГРАДОВ Иван Матвеевич [2 (14). 9. 1891-ж. т. Милолюб с, азыркы Великолук р-ну, Псков обл.] —сов. математик, СССР И Анын акад. (1929), эки жолу Соц. Эмг. Баатыры (1945, 1971). Петербург ун-тин (1914) бүткөн. 1918—20-ж. Пермь ун-тинин до-центи ж-а проф. 1920—34-ж. Ленинград политех, ин-тунун, Ленинград ун-тинин проф., 1932-жылдан СССР ИАнын В. А. Стеклов атн. матем. ин-тунун директору. В-дун эмгектери сандардын аналит. теориясына арналган. Ал сандардын аналит. тео-риясынын тригонометриялык сумма-лоо методун түзгөн. Бул метод аркылуу В. сандар теория сынын Варинг проблемасы, Гильберт-Камке проблемасы, Вейль суммасынын баалоо проблемасы ж-а Гольдбах проблемасы деп аталган маселелерин чечкен. В-дун методу көптөгөн окумуштуулар тарабынан математиканын ар түрдүү тармагында өөрчүтүлүп колдонулуп жатат. Лондондогу королдук коомдун (1942), көптөгөн башка илимий мекемелердин ж-а дүйнөлүк коомдордун ардактуу мүчөсү. М. В. Ломоносов атн. алтын медаль алган (1971). СССР мамл. сыйлыгынын (1941) ж-а Лениндик сыйлыктын (1972) лауреаты, 4 Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.