ВИННИЦА ОБЛАСТЫ

ВИННИЦА ОБЛАСТЫ УССРдин составында. 1932-ж. 27-февралда түзүлгөн. Аянты 26,7 миң км2. Калкы 2072,4 миң (1976). 25 район, 10 шаар, 29 ш. т. посёлка бар. Борбору — Винница ш. Калкынын 92% украин, аз санда орус, еврей, поляк ж. б. жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 77 киши. Калкынын 25% шаарда турат. Шаарлары: Винница, Жмеринка, Казатин, Гайсин ж. б. Терр-ясынын көпчүлүк бөлүгүн Подол (бийикт. 362 м ге чейин) ж-а Днепр бою (бийикт. 323 м) дөңсөөлөрү ээлейт. Климаты мелүүн континенттик. Январдан орт. темп-расы — 5,7°С, июл-дуку 18,8°С Жылдык жаан-чачыны 50Д—550 мм. Областтын борб. бөлүгүнөн түн.-батыштан түш.-чыгышка Түш. Буг (куймалары: Згар, Ров, Сельница, Дохна, Снивода, Десна, Соб, Удыч), түш.-батыш чек араны бойлой Днестр (сол куймалары: Лядова, Немия, Мурафа ж; б.) д-лары агып өтөт. В. о-нын түн.-чыгыш бөлүгү кара топурактуу, калган бөлүктөрү боз топурактуу. Токой (граб, ясень, клён, эмен, бай терек) терр-ясынын 12,6% ин ээлейт. Жаныбарлары: карышкыр, түлкү, тыйын чычкан, коён ж. б. В. о.—өлкөдөгү кант кызылча эгүүчү ж-а кант чыгаруучу негизги райондордон. Ал Украинада өндүрүлчү канттын 18%ин, Сов. Союзундагы кы-зылчадан алынчу канттын 11% ин берет. Машина куруу, химия, курулуш материалдарын өндүрүү ж-а жеңил ө. ж. тез темп м-н өнүгүүдө. Тамак-аш ө. ж-нан спирт чыгаруу, май тартуу, консерва жасоо тармактары өөрчүгөн. А. ч-нын башкы багыты—кант кызылча, дан өстүрүү, күздүк буудай, күн карама, тамеки, гречиха. Эт-сүт багытындагы мал чарбасы бар. Т. ж-нун уз. 1253 км, автомобиль жолдорунуку 13,8 миң км. Днестр д-нда кеме жүрөт. Областта 1975—76-окуу жылында 1318 мектеп, 20 профтех., 27 атайын орто ж-а жог. окуу жайы (мед., пед. ин-т, Киев политех, ж-а соода-экон. ин-ттардын бөлүмү) болгон. Театрлар, филармония, 7 музей, 37 кинотеатр ж. б. бар. 1970-ж. 4245 врач иштеген. Украин тилинде областтык «Вшниць-ка правда» (1917-жылдан), «Комсомольске племья» (1923) газеталары чыгат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *