ВИЛЮЙ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВИЛЮЙ — РСФСРдин Якут АССРи м-н Краснояр крайындагы дарыя, Ленанын сол куймасы. Уз. 2650 км, алабынын аянты 454 миң км2. Орто Сибирь бөксө тоосу ж-а Борб. Якут ойдуңу аркылуу агып өтөт. Баш жагы ийри-буйру болуп, жай агат. Сол куймасы Ортоңку Вилюйкан куйган жерден төмөнүрөөк калталдары тик, аска-жардуу тар өзөнгө айланат да, шар агат. Сунтар кыш-нан кийин өзөн кеңейип, жайык тарта баштайт. Вилюйск ш-нан баштап, Борб. Якут ойдуңу аркылуу агат. Мында өзөн жайык ж-а кенен келип, бир нече айрыкка ажырайт. В. кар ж-а жаан-чачындан куралат. Лена суусуна куйган жериндеги жылдык орт. чыгымы 2300 м3!сек. Октябрда тоңуп, майда ачылат. Ири куймалары: Чона, Ула-хан-Вава, Улахан-Ботуобуя, Чиркуо, Марха, Ахтараяда. Чатынан 1170 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Прис-тандары: Вилюйск, Ыюрба, Чернышевский.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *