ВИЛЮИСК

ВИЛЮИСК — Якут АССРиндеги шаар, Вилюйск р-нунун борбору. Вилюй д-нын (Ленанын куймасы) оң жээгиндеги пристань. Якутск ш-нын түн.-батышында 610 км аралыкта. Калкы 6,7 миң (1969). Совет бийлигинин жылдарында ө. ж. ишканалары ж-а электр станциялар курулду. В-де 1872-жылдан 1883-жылга чейин Н. Г. Чернышевский сүргүндө болгон. Шаарда пед. окуу жай, орто, баштооч ж-а жумушчу жаштар мек-тептери, край таануу музейи, китепканалар, кинотеатрлар бар. В. 1634-ж. негизделген.