ВИЛЬНЮС

ВИЛЬНЮС (мурдагы Вильно, В и л ь н а) — Литва ССРинин борбор шаары. Вилия (Нярис) д-на Вильня д-нын куйган жеринде. Калкы 433,2 миң (1975). Шаар Вильня д-нын аты м-н аталган (литвача «вильня», «виль-нис» — «толкун» деген сөз). 1323-ж. Литва князы Гедимин борборду Трок (Тракай) ш-нан В-ка көчүрөт. Шаар 1795-ж.Россияга кошулат. 1831-ж-а 1863-жылы Польша м-н Литвадагы бошт. күрөшүнүн борбору болот. 19-к-да ж-а 20-к-дын башында В-та ө. ж. өнүгүп, жумушчу табы көбөйөт. 19-к-дын аягында В. Литвадагы рев-ялык жумушчу кыймылынын борборуна айланат. Анда 1880-жыл-дарда маркстик кружоктор пайда болот. 1892-ж. туңгуч маевка өткөрүлөт. 90-жылдардын ортосунда В-тагы жумушчулардын кружогуна Ф. Э. Дзержинский катышат. В. И. Ленин В-та болуп, жерг. марксчылар м-н байланыш түзөт. В-та Литванын с.-д. партиясы м-н «Литванын жумушчулар союзунун» 1-съезди (1896) өтөт. 1901-ж. РСДРПнин Вильнюс тобу, кийин (1904) Түн.-батыш комитети уюшулат. В-тун жумушчулары 1905— 07-жылдагы рев-яга активдүү катышат. В-та Литва компартиясынын 1-съезди (1918-ж. 1—3-окт.) болот. 1918-ж. 15-декабрда В-та Совет бийлиги жарыяланат. 1920-ж. октябрда шаарды Польша басып алат. Аны 1939-ж. сентябрда Кызыл Армия бошотот. В. — 1940-ж. июлдан Литва ССРинин борбору. Улуу Ата Мек. согушта В. немец фашисттердин колунда болот. Согуштан кийинки жылдарда шаар калыбына келтирилип, респ-канын ири саясий, админ. ж-а маданий борборуна айланат. Шаар 1970-ж. 30-ноябрда Ленин ордени м-н сыйла-нат. В. — Сов. Балтика боюндагы ири ө. ж. борборлорунун бири: Ө. ж. тар-мактарынан машина куруу ж-а металл иштетүү (прибор ж-а станок куруу, электр техникасы, радиоэлектроника, а. ч. машина ж. б. тармактар), жеңил (трикотаж, тигүү, бут кийим), тамак-аш (эт, сүт, кондитер, тамеки) ж-а жыгач иштетүү (мебель ж. б.) өнүккөн. Темир ж-а автомобиль жолдорунун тоому. Аэропорту бар. Совет бийлиги жылдарында В-тун жалпы көрүнүшү, арх-ралык план-даштырылышы кескин жакшырып, аймагы кеңейди. Согуштан кийин 1947—53-жылдардагы генплан б-ча калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп (арх. В. Микучянис, К. Бугас), 50—60-жылдарда ири турак жай райондору пайда болду. Жаңы курулуштардын ичинен «Няринга» кафеси, мейманканасы (арх. А. ж-а В. На-свитистер), «Таурас» кафеси (арх. В. Батиса) ж. б. өзгөчөлөнүп турат. В-та Литва ССР ИА, 40тан ашык ил. из. мекемеси, ун-т, инженердик куруу, педагогикалык, көркөм ин-ттары, консерватория, Академиялык опера ж-а балет, Академиялык драма, Орус драма театрлары, филармония бар.