ВИЛЬГЕЛЬМ I

ВИЛЬГЕЛЬМ I Гогенцоллерн (22. 3. 1797—9. 3. 1888) — 1861-жылдан Прус-сиянын королу, 1871-жылдан Германиянын императору. Кем акыл король Фридрих Вильгельм 1Унүн тушунда (1858—61) регент болгон. Немец улутчул ад-тында бирдиктүү герман монархиялык мамлекетин түздү деп аны «Улуу Вильгельм» атка кондурууга аракет кылышкан. Чынында В. 1нин тушунда Пруссияны, кийин Германия империясын Бисмарк башкарган.