ВИЛИЯ —БССР

ВИЛИЯ —БССР м-н Литва ССРинде-ги дарыя (литвача аты — Нярис), Не-мандын оң куймасы. Уз. 510 км, ала-бынын аянты 25100 км2. Минск щ-нын тундүгүндөгү саздак жерден башталат. Ири куймасы — Швянтойи. Кар, жаан-чачын ж-а саз сууларынан куралат. Декабрда тоңуп, мартта ачылат. Кээ бир жеринде кеме жүрөт. Минскини суу м-н камсыз кылуу үчүн Вилейка ш-нын жогору жагында суу сактагыч курулган. Жээгинде Вильнюс, Каунас (чатында) ш-лары жайгашкан.