ВИКТОРИЯ

ВИКТОРИЯ, В и к т о р и я-Н ь я н-за, Укереве — Чыгыш Африкада-гы көл; Танзания, Кения, Уганданын чектеш аймагында, 1134 м бийикте орун алган. Аянты 68 миң км2. Эң узун жери 320 км, туурасы 275 км, орт. терецд. 40 м, эң терең жери 80 м. Жээктери булуң-буйткалуу. Ири булуңдары: Кавирондо, Спика. Аралдар көп (жалпы аянты 6 миң км2). В. жаандан, дарыя сууларынан куралат. Ири куймалары: Кагера, Мара ж. б. Көлдөн Виктория-Нил д. агып чыгат. В-да балык кармалат, кеме жүрөт. Негизги порттору: Энтеббе (Уганда), Мванза, Букоба (Танзания), Кисуму (Кения).

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *