ВИКРЕМАСИНГХЕ

от123

Июн 24, 2020

ВИКРЕМАСИНГХЕ Сугисвара Абей-вардена (13. 4. 1901-ж. т.) — эл аралык ж-а шриланкалык (цейлондук) жумушчу кыймылынын ишмери. Кесиби — врач. 1920-жылдан Шри-Ланка (Цейлон) улуттук-бошт. кыймылына катышкан. «Ланка Сама самаж» улуттук партиясын уюштургандардан. 1936—38-ж. Англияда жашап, Улуу Британия компартиясына мүчө болгон. 1938-ж. Цейлонго келип, 1943-ж. Цейлон компартиясын түзүүгө катышып, 1950-жылга чейин анын БКсынын пред-ли, 1950—55-ж. Цейлон компартиясынын Ген. секретары, 1955-гкы.тдан пред-ли. 1945—50-ж. Цейлон профсоюздар федерациясынын пред-ли. 1943—53-ж. Профсоюздардын бүткүл дуйн. федерациясынын аткомуна мүчө. 1960 ж-а 1969-ж. Коммунисттик ж-а жумушчу партиялардын кеңеш-мелеринде Цейлон компартиясынын делегациясына башчылык кылган. Шрп-Ланка ж-а СССР элдеринин ортосундагы достукту, кызматташтыкты өркүндөтүүгө ж-а чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Эл Достугу ор-Жешж м-н сыйланган (1976).

от 123