ВИЗАНТИЯ

ВИЗАНТИЯ, Византия империя с ы — 4-к-да Рим империясы ыдырап жаткан кезде анын чыгыш бөлүгүндө түзүлүп, 15-к-дын орто ченине чейин жашаган мамлекет. Анын борбору император Константин I мурдагы Византии колониясынын ордуна негиздеген (324—330) Константинополь ш. болгон. В. калкынын составы ар кыл этнос-тордон туруп, ага гректер, сириялык-тар, копттор, армяндар, грузиндер, еврейлер, кичи азиялык эллиндешкен уруулар, фракиялыктар, иллирия-лыктар, дактар кирген. Терр-ясы ки-чпрейген сайын (7-к-дан тартып) элинин айрым бөлүгү анын чегине кирбей калган. Ошону м-н бирге өлкөнүн аймагына башка элдер (готтор 4—5-к-да, славяндар 6—7-к-да, арабдар 7—9-к-да, печенегдер, половецтер 11—13-к-да) жайгаша баштаган. 6— 11-к-да В. калкынын составына кирген этнос топторунан кийинчерээк яталян эли калыптанган. В-ньга эко-номпкасында, саясий турмушунда ж-а мад-тында грек калкы чоң роль ойногон. Империянын мамл. тили 4—6-к-да — латын, 7-к-дан В. кыйра-ганга чейин грек тили болгон. Со-диалдык-экон. тарыхынын көп проблемалары татаал ж-а аларды чечүүдө сов. Византия таанууда ар түрдүү жонцепциялар бар. Мис, В-нын кул ээлик түзүлүштөн феодализмге кайсы убакта өткөнү дал ушундай маселелердин бири. 3-нын тарыхын болжол м-н 3 негизги эсорго бөлүүгө болот. Биринчи доор v-e.—7-к-дын жарымы) кул ээлик түзү-z-гптүн кулай ж-а феод. Мамилелердин калыптана башташы м-н мүнөздөлөт. В-да феодализмдин келип чыгышынын бөтөнчөлүгү анын кулоого бет алган кул ээлик коомдун ичинде ж-а соңку античный мамлекет сакталып турган шарттарда пайда болуп өнүккөндүгүндө. 7-к-да В-нын кыштактарында ири кул ээлик чарбалар бүлүнүп, кайсы бир жерлеринде такыр жок болгон. Мурдагы поместьелер-дин аймактарында дыйкан жамааттары түзүлгөн. 7-к-дын акырында колондордун ж-а кулдардын эмгегин эркин дыйкандардын — арендаторлордун эмгеги сүрүп чыгара баштаган. 4—5-к-да В. шаарлары негизинен античный мезгилдеги полис бойдон калса да, кийинчерээк начарлап, кулай берген. 5-к-да курулган жаңы шаарлар соода-кол өнөр ж-а админ. борбор болгон. Империя, анын ири шаары, кол өнөр ж-а эл аралык соода борбору — Константинополь Иран, Индия, Кытай ж. б. мамлекеттер м-н соода жүргүзүп турган. В. 4—5-к-да борбордошкон аскер-бюро-краттык монархияга айланган. 4-к-дан христиан дини негизги дин катары кабыл алынып, 70-жылдардан баштап варварлар м-н мамиле жасоо маселеси өлкөнүн тышкы ж-а ички саясатында чоң роль ойногон. Бул мезгилде империя варварлардын (готтор, гунндар) кол салууларынан эптеп коргонуп турган. Бирок император Юстиниандын тушунда борбордошкон бюрократтык монархия бир кыйла күчөгөн. Ал күчтүү армия түзүп, 533—534-ж. Түн. Африкадагы вандалдар мамлекетин, 535— 555-ж. Италиянын Остгот королдугун, 554-ж. Түш.-чыгыш Испаниянын бир бөлүгүн караткан. Юстиниандын бул жерлерде кул ээлик түзүлүштү калыбына келтирүүгө кылган аракети жерг. калкты нааразы кылып, көтөрүлүштөр чыгарган. Натыйжада В. Батыштагы басып алган жерлеринен (Түш. Италиядан башкасынан) бүт ажыраган. 636—642-ж. арабдар В-нын өтө бай чыгыш провинцияларын (Сирия, Палестина, Жог. Месопотамия), 693—698-ж. Түн. Африкадагы жерлерин басып алган. 7-н-дын аягында В-нын карамагында Юстиниан убагындагы өлкөнүн аймагынын ‘/з нен ашпаган бөлүгү калган. Балкан ж. а-на славян уруулары 6-к-дын аягынан тартып отурукташа баштап, алар 7-к-да В-нын бир кыйла жерине: Фракия, Македония, Далмация, Гре-циянын бир бөлүгүнө, ал эмес К. Азияга чейин жайгашкан. Калктын этностук составы К. Азия жагында да өзгөргөн. Анда армяндар, перстер, сириялыктар, арабдар отурукташкан. Бирок чыгыш провинцияларын тарттырып жиберген соң В. этнос жагынан бир өңчөй өңдөнүп, анын уюткусу гректер же грекче сүйлөгөн эллиндешкен уруулар болуп калган. Экинчи доор (7-к-д ын ортосу— 13-к-дын башталышы) феодализмдин ургаалдуу өнүгүшү м-н мүнөздөлөт. Бул мезгилде В. терр-ясынын кичирейгендигине карабастан Жер Ортолук деңиздеги кубаттуу державалардын бири болуп кала берген. 7—8-к-да админ. түзүлүшүндө маанилүү өзгөрүүлөр болуп, жаңы аскердик админ. округдар (фема-лар) түзүлгөн. Аскердик ж-а гражд. бийлик бүт бойдон фемалык аскер командири — стратигдин колуна өткөн. Империянын согуштук күч-кубаты артып, араб ж-а болгарлар м-н болгон согуштарда ийгиликке жеткен. Ошону м-н бирге кон-стантинополдук ак сөөктөр м-н байланышта бийлик жүргүзгөн динчилерге каршы эл массасынын нааразылыгын туюнткан диний-саясий кыймыл башталып, аны провинция ак сөөктөрү өз мүдөөлөрү үчүн пайдаланууга умтулган. Кыймылды Исаврий оииастиясынан чыккан импера-торлор башкарып, монастырь м-н чиркөө байлыктарын казынага алышкан. Импе-раторлордун мындай саясаты провинция ак сөөктөрүн күчөтүп, анын жамааттарга көрсөткөн кысымы тап күрөшүн ырбат-кан, феодалдар табын чочутуп, 843-ж. иконага табынууну калыбына келтирүүгө түрткү болгон. Өкмөт ж-а аскер төбөлдөрү динчилер м-н келишип, элдик кыймылды басып турган. В-да 9-к-дын 2-жа-рымы ж-а 10-к-да борбордошкон феод. монархия түзүлүп, 11-к-да феод. мами- лелер үстөмдүк кылган ж-а а. ч-нда кул эмгеги өзүнүн маанисин жоготкон. 9-к-дын 2-жарымынан В. шаарлары өсүп-өнүгүп, 10-к-да аларда о. кылым шаарларына мүнөздүү белгилер пайда болгон. Мис, майда кол өнөрчүлүк, соода-кол өнөр корпорациялары уюштурулуп, алардын иш-аракетин мамлекет тескеген. Өндүрүштө эркин кол өнөрчү негизги роль ойносо да, кулдуктун сакталып турушу ошол кездеги В. шаарларынын бир бөтөнчөлүгү болгон. 12-к-да В. шаарларынын экономикасы начарлап, кол өнөр өндүрүшү кыскарган. 9-к-дын 2-жары-мы—11-к-да В-нын тышкы саясаты согуш жүргүзүүгө негизделген. Ал араб, славян, кийинчерээк норман элдери м-н дайыма согушуп турган. 10-к-дын орто ченинде В. арабдардан Жог. Месопотамияны, К. Азиянын бир бөлүгүн, Сирияны, Крит-ти, Кипрди тартып алган. 1018-ж. Батыш Болгария падышалыгын ээлеп, Балкан ж. а-ынан Дунайга чейин бийлеп турган. 9—11-к-да Киев Русу м-н өз ара мамилелер В-нын тышкы саясатында чоң роль ойногон. 10-к-дын акырында Русь В-дан христиан динин кабыл алган. В-га Н-к-дын ортосунан тартып чыгыштан селжуктар кол салып турган. Аскерлерин 1071-ж. селжуктар Маназкертте (Армения) талкалаган соң В. К. Азиянын көп бөлүгүнөн, о. эле Батыштагы жеринин көбүнөн ажыраган. И-н-дын орто ченинде нормандар В-нын Түш. Ита-лиядагы ээлеген жерлерин басып алган. 11-к-дын 70-жылдарында бийлик үчүн күрөш күчөп, 1081-жылдан Комниндер династиясы (1081—1185) сурайт. 1185-ж. Константинополдогу ак сөөктөрдүн козго-лоңунан кийин Ангелдер династиясы (1185—1204) бийликке келет. Бул динай-тиянын тушунда В. экон. кризиске учурап, феод. бытырандылык күчөйт. Шаарлар тукулжурап, армия м-н флот начарлап, империя бөлүнө баштайт. 12-к-дын акырында В. м-н Батыштын ортосунда карама-каршылык күчөйт; папачылык Византия чиркөөлөрүн рим курияларына баш ийдирүүгө, Венеция В-дан өз конку-ренттервн — Генуя м-н Пизаны сүрүп чыгарууга, «Ыйык Рим империясынын» императорлору В-ны багынтууга умтулган. Мына ушундай саясий кырдаалдар-дан пайдаланып, крест жортуулдарын уюштуруучулар Палестинанын ордуна Константинополду басып алууга киришкен. 1204-ж. 4-крест жортуулунун натыйжасында Константинополь багындыры-лып, В. империясы кыйраган. Үчүнчү доор (1204—1453) феод; бытырандылыктын андан ары күчешу, борб. бийликтин начарлашы ж-а чет элдик кол салууларга каршы дайыма күрөЧ шүү м-н мүнөздөлөт. Феод. чарба бүлү-‘ нө баштайт’. В-нын кресттүүлөр басып ал-1 ган терр-ясында Латын империясы (120.4^ 61) негизделет. Кресттүүлөргө карабаган жерлерде көз карандысыз грек мамлекеттери: Никей империясы (1204—61), Тра-пезунд империясы (1204—1461) ж-а Эпир мамлекети (1204—1337) пайда болот. Латын империясына каршы күрөшүүдө Никей империясы чоң роль ойнойт. 1261-ж. Никей императору Михаил VIII Палеолог грек калкынын колдоосуна таянып, Константинополду кайра алат да, В. импе-риясын калыбына келтирет. Ошол кездеги В-да феод. эзүүнүн күчөшү кыштактар м-н шаарларда элдик кыймылды пайда кылат. Феодалдардын өз ара урушу В-ны начарлатат да, осмон турктөрү 14-к-дын башынан тартып анын терр-ясыи басып ала баштайт. В. экономикасынын төмөндөшү, таптык карама-каршылыктардын күчөшү, батыш европ. мамлекеттердин ач көздүк саясаты осмон түрктөрү-нүн В-ны жеңип алышын жеңилдетет. Эки айлык камалоодон кийин 1453-ж. 23-майда түрк армиясы Константинополду басып альш, талап-тонойт. 15-к-дын 60-жылдарында В. империясы жашоосун токтотуп, анын аймагы Осмон империясына кошулат. Византия маданияты. В. мад-ты рим, грек ж-а чыгыш мад-тынын таасиринде өөрчүп, негизинен диний (христиандык) мүнөздө болгон. Мад-ттын бардык тармагындагы маанилүү түшүнүктөр м-н ойлор христиан мифологиясындагы салттуу об-4′ раздар ж-а фразеология аркылуу туюнтулган. В-лыктар жердеги кудай деп императордун зоболосуна сыйынышкан. Библия, о. эле античный классиктер ар бир адам үчүн өтө керек билимдердин жыйындысы деп эсептелген. Ошол себептен В-да салт-санаанын таасири (традиционализм) аябай күчтүү болгон. Билимдин булагы тажрыйба эмес, салт деп саналып, эксперимент м-н ил. байкоолор анча өнүккөн эмес. В. мад-ты кубулуштарды анализ кылып карагандай көрө системага салып иликтегенге көбүрөөк көңүл бөлгөн. В-нын эл агартуу системасында, илиминде, ад-тында, сүрөт өнөрүндө, үй тиричилигинде античный салттар басымдуулук кылган. В. мад-тынын өнүгүү езгили төрт этапка бөлүнөт. 1) Античный доордон о. кылымдын мад-тына өтүү учуру (4—7-к.). 2) Экон. начарлоонун атыйжасында В. мад-тынын төмөндөө мезгили (7—9-к.). 3) Античный салттарды калыбына келтирүү ж-а маданий мурастарды системага салуу учурундагы маданий жогорулоо мезгили (9—12-к.). 4) В-да саясий ж-а экон. начарлоонун натыйжасында идеялык реакция мезгили (13—15-к.). Византиялыктар өз мад-тын адамзаттын эң бийик жетишкендиги катары эсептеп, башка элдердин мад-тына таа-сирленүүдөн же аны тууроодон атайын баш тарткан. Алар 11-к-дан гана араб медицинасына, чыгыш ад-тына, кийинчерээк араб ж-а перс математикасына кызыга баштаган. В. мад-ты ад-т, сүрөт, дин ж. б. б-ча коңшу өлкөлөргө зор таасирин тийгизген. Айрыкча античный мурастарды сактоодо В-нын ролу чоң болгон. 12-к-га чейин В-да эл агартуу системасы Европага караганда жог. деңгээлде болгон. Баштапкы билим алуу мөөнөтү 2—3 жыл. Орто билимди грамматик-муга-лимден же чечендик б-ча мугалимден алышкан. Окутуунун программасына орфография, граммат. нормалар, ырдын түзүлүшү, ораторлук иск-во, документ даярдоо өнөрү, философия м-н тарых кирген. 11-к-дын орто ченинде Константинополдо чиновниктерди даярдоочу укук ж-а фи-лос. мектептер ачылат. В-да математика-нын коомдук бедели чечендик м-н философияга караганда төмөн турган. 4—6-к-да В-дагы математика античный класси-каны комментариялоо м-н гана чектелип, ал эми зоология, ботаника, агрономия ил. жактан терең такталып жазылган эмес. В-лык медицина античный салтка негизделген. Византиялыктар геогр. карта түзүүнү билишкен. В. философиясынын негизги булагы — Библия ж-а классикалык грек философиясы (Платон, Аристотель). 4—7-к-да В. философиясында 3 багыт өкүм сүргөн: 1) неоплатонизм, 2) гностико-манихейлик дуализм, 3) христиандык-диний багыт. Бул мезгилде В. философиясы диний мүнөздө болот. 9-к-дын аягы—13-к-дын башында В-да рационализм өнүгөт, рацио-налисттер диний жоболорду сынга алып, материяны кимдир бирөө жараткан эмес деген оригиналдуу ой-пикир айткан. В. философиясы о. кылымдагы схоластикага, Италиядагы кайра жаралууга, славян өлкөлөрүндөгү, Армения м-н Грузиядагы филос. ой-пикирдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. В-нын ад-ты байыркы грек ад-тынын салтында калыптанган. 19-к-дьш бурж. идеологдору В. ад-тын диний ад-т катары карап, аны изилдөөгө анча маани берген эмес. Прогрессчил орус изилдөөчүлөрү ж-а сов. вигантия таануучулар гана В. ад-ты ар кыл шартта өнүгүп, дүйн. ад-т-ка зор салым кошконун далилдешкен. В. ад-ты феодализмдин тушунда бийлөөчү таптын кызыкчылыгын көздөгөн. Сла-вяндар үстөмдүгү учурунда эпос, ода, эпиграмма жанрлары өнүккөн. Ошол кездин өкүлү А. Византийскийдин чыг-ла-ры — В. ад-тынын классикалык үлгүлөрү. 14—15-к-да феод. эзүүнүн кысымына каршы күрвшкөн гуманисттер тобу жаралган. Алардын чыг-лары болгар, байыркы орус, серб, грузин, армян ад-тына зор таасир тийгизген. В. арх-расы м-н сүрөт өнөрү античный иск-вонун салттарын уланткан. Буга мисал — 4—5-к-дагы Константинополь арх-расы. 4-к-да мурдагы чиркөө базиликала-ры м-н куполдуу имараттардан айырмаланган шаңы типтеги храмдар салына баштайт. 6-к-да зодчествосу дүркүрөп өсөт. 9—12-к-да анда крест-куполдуу храмдын тиби негизги орун ээлейт. Мис, Мирелейон чиркөесү (10-к.), Пантократо-ра храм комплекси (12-к.). Кресттүүлөр-дүн жортуулунан кийин В. мад-ты Константинополдо ж-а Греция м-н К. Азиянын аймагында кайрадан гүлдөйт. О. кылымдагы архитекторлор италиялык зод-чествонун айрым мотивдерин өзүнө сиңирип, ренессанстык тенденциялардын кальштанышын чагылдырат (Константи-нополдогу Текфурсерай дворягд, 14-к.). В. живописи өз идеяларын адамдын образы аркылуу билдирген. 9—12-к-да В. живопиеиния жалпы принциптери айрым көркөм мектептерде иштелип чыккан. Китеп миниатюрасында ювелирлик-декора-тивдүү стиль үстөмдүк кылган. Миниа-тюраларда тарыхый адамдардын портреттери даана тартылган. 9—12-к-дагы скульптурада рельефтүү иконалар ш-а декора тивдүү оюулар басымдуулук кылган. 13—14-к-дар живопистин айрыкча гүлдөгөн учуру болгон. Мис, Хора мо-настырынын мозаикасы (Константинополь, 14-к.). В. музыкасы сирия (4-к.), араб (8-к.), славян ыр мад-тынын элементтерин өзүнө сиңирген. Айрыкча чиркөө ырлары өнүгүп, майрамдарда, салтанаттуу кече-лерде аспаптын музыка ойноо кеңири тараган. В-лык нота жазуунун бир нече түрү болгон: экфонетикалык (6—8-к.), штрихтик (8—12-к.), тегерек (12—14-к.). В. музыкасы 9-к-га чейин европ. көп өлкөлөрдүн мад-тына таасирин тийгизген.
Ад.: Левченко М. В., История Византии. Краткий очерк, М.— П., 1940; его ш е, Очерки по истории русско-византийских отношений, М-, 1956; История Византии, т. 1—3, М., 1967; Каждая А. П., Византийская культура (X—XII вв.), М., 1968 (библ., с 221—24); Памятники византийской литературы, (т. 1—2), М., 1968 (библ., с. 221—224); Памятники ви-раниях Советского Союза, Л.— М., 1966; Асафьев Б., Византийская музыкальная культура, в кн.: Неф К., История западно-европейской музыки, пер. с франц., 2 изд., М., 1938.