ВИЗАНТИЯ ТААНУУ

ВИЗАНТИЯ ТААНУУ, в и з а н т и-нистнка — гуманитардык илимдердин Византиянын тарыхын, укук илимин ж-а маданий мурастарын (ад-тын, философиясын, иск-восун ж. б.) изилдөөчү жыйындысы. Ал 19-к-дын 2-жарымында билимдин өзгөчө тармагы катары калыптанган. Византия империясы м-н ар кыл байланышы бар Арменияда, Грузияда, түш. славян өлкөлөрүндө, байыркы Руста Византиянын мад-ты м-н тарыхына кызыгуу алгачкы о. кылымда эле пайда болгон. Константинополь (1453) кулап, осмон түрктөрү Византияны басып алганда, Батыш Европа өлкөлөрүнүн Византияга кызыгуусу артат. 16-к-да В. т. Франция, Италия ш-а Германияда өнүгөт. Буга түрк бас-кынчылыгынан улам эмиграцияга кеткен грек илимпоздору зор таасир тийгизген. 17-к-дын аягында Францияда В. т. өзүнчө сабак катары окутулуп, китептер чыккан; Византия бор-бордошкон монархиянын үлгүсү деп эсептелген. 18-к-да француз философтору (Вольтер, Монтескье ж. б.) өз өлкөсүндөгү абсолютизмди сынга алышканда Византия империясынын тарыхындагы терс көрүнүштөргө тая-нышкан. Англис илимпоздор Ш. Лебо ж-а Э. Гиббон да ошондой кылышкан. 1828-ж. Бонндо «Византия тарыхы боюнча авторлор жыйнагы» чыга баштап, 1897-жылга чейин 49 тому жарык көргөн. 1892-ж. немец филологу ж-а ад-тчысы К. Крумбахер атайын «Byzantinishe Zeitscnrilt» деген журнал уюштуруп, ал В. т-нун эл аралык борбору болуп калган. 19-к-дагы Россияда В. т-нун өсүшү В. Г. Васильевскийдин ысымы м-н байланыштуу. Ал 1894-ж. жылына чыгуучу «Византийский временник» журналын чыгара баштаган. Орус тилине Византия ад-тынын үлгүлөрү которулган. Византия тарыхын изилдөө б-ча орус окумуштуулары (В. Г. Васильевский, Ф. И. Успенский, Н. А. Скабаланович ж. б.) чоц салым кошкон. Эки дүйн. согуштун ортосунда Батыш Европада өөрчүп, 2-дүйн. согуштан кийин бул илим АКШда да кеңири кулач жайды. 20-к-дын 30-жылдарында совет тарых-чылары Византия тарыхынын проблемаларын маркстик көз карашта караган туңгуч ил. эмгектер жаратты. Сов. В. т-нун уюмдашкан борбору Ата Мек. согуштун алдында Ленинградда түзүлгөн. 1956-ж. СССР ИАнын Тарых ин-тунда атайын В. т. сектору ачылган. Азыр бул сектор СССР ИАнын Жалпы тарых ин-тунда. В. т. б-ча башка соц. өлкөлөр да орчундуу ийгиликтерге жетишип жатат.
Ад.: У д а л ь ц о в а 3. В., Советское византиноведение за 50 лет, М., 1969.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *