ВИДОВДАН КОНСТИТУЦИЯСЫ

ВИДОВДАН КОНСТИТУЦИЯСЫ — серб, хорват, словен королдуктарынын (1929-жылдан Югославиянын) бурж. конституциясы. 1921-ж. 28-июнда, б. а. ыйык Вид күнүндө (аталышы да ушундан) уюмдаштыруу чогулушунда кабыл алынган. В. к. королдукту Карагеоргиевичтердин династиясынан j чыккан серб королу башкарган кон- ‘ ституциялык парламентчил ж-а му- j расчыл монархия деп жарыялаган, j Конституция б-ча парламент 1 пала- \ талуу (элдик скупщина) болгон. Королю аткаруу ж-а закон чыгаруу (элдик скупщина м-н бирге) бийлиги берилген. Закон б-ча тең укуктуулук, сөз эркиндиги, чогулуш, союз түзүү, басма сөз эркиндиги жарыяланган. 127-статьяга ылайык граждандардын саясий укугун ж-а эркиндигин король каалаган убакта жоюуга укуктуу болгон. В. к. өлкөдө монархиялык диктатура орногондон кийин (1929-ж. 6-янв.) жоюлган.