ВИДИКОН

ВИДИКОН (видео…, гр. eikoii — сүрөттөлүп^ —бутасы фото каршылыктан жасалган беруучу телекөрсөткуч тутук. Сүрөттөлүштөн (нерседен) чыккан жарыктын таасири м-н В-дун бутасында (фотокатоддо) электр заряды жыйналат да, бутанын айрым жерлеринин каршылыгы өзгөрүлө! ж-а сүрөттөлүштүн айрым жерлеринин жаркырактыгы түрдүүчө болгондуктан электр потенциалы бир калыпта бөлүнбөйт. Бута жасала турган материал катары жарым өткөргуч-түү материалдын (аморфтук селен, сурьма, коргошун кычкылы, германий, кремний) абдан жука (5 мкм) катмары пайдаланылат. Ушундай түтүктү түзүү идеясын сов. инженер А. А. Чернышев 1925-ж. сунуш, кылган. Биринчи түтүк 1950-ж. жасалып, колдонула баштады.