ВИДЕОТЕЛЕФОН

от123

Июн 24, 2020

ВИДЕОТЕЛЕФОН — байланыштын сүйлөшкөндөрдүн үнү угулуу м-н кошо өңүн экран аркылуу көргөзүп туруучу түрү. В-дун кабыл алуучу бөлүгүндө кинескоп, берүүчү бөлүгүндө телекөрсөткүч түтүк — видикон болот. Экрандагы сүрөт ак-кара түстө көрсөтүлүп, сүрөттүн өлчөмү 25X37-ден 50X75 мм ге чейин болот. Ар бир секундада 25—30 кадр алмашылат. Абоненттин номерин терүү ж-а сүйлөшүү кадимки телефон м-н сүйлөш-көндөй болуп, сүрөттүн ар бири 2 канал б-ча берилет. В. аппаратынын составына синхрондоштуруу, электр энергиясы м-н жабдуу блоктору кирет. В. шаар аралык телефон стан-циясынын атайын жабдылган сүйлөшүү пункттарына орнотулат. Телефон байланышынын бул түрү сүйлөшүү убагында сүрөттөрдү, чиймелерди ж-а схемаларды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

от 123