ВИГДЕР

ВИГДЕР —1) 17—19-к-дагы англиялык саясий партия. Бурж. ак сөөк дворян м-н ири соода ж-а финансы буржуазиясына мүдөөлөш топ катары 17-к-дын 70-жылдарынын аягында пайда болгон. 1714—62-ж. башкаруучу партия болуп, кийин т о р и л ө р м-н алмак-салмак бийлеп турган. В. жумушчуларга каршы саясат жүргүзүп, чартисттер кыймылын басууга аракеттенген. 19-к-дын орто ченинде башка саясий топтор м-н биригип, Улуу Британиянын либералдык партиясын түзүшкөн. 2) АКШдагыбурж. партия (1834—54). Түндүктүн ө. ж-чылары м-н Түштүктүн плантатор-лорун ж-а фермерлердин бир бөлүгүн бириктирип турган. Федерациялык бийликке каршы чыгып, ө. ж-ын түндүктө гана эмес, түштүктө да өнүк-түрүүнү жактаган. Президентти шайлоодо В. 2 жолу (1840 ж-а 1848) жеңип чыккан. Составы жагынан ар ТҮРДҮҮ болгон В. партиясы 1854-ж. таркап, түндүктөгү В. жаңы түзүлгөн Респ-калык партияга, пахтачылар деп аталган В. Демокр. партияга өткөн.