ВИВИАНИТ

ВИВИАНИТ — суулуу фосфаттарга кирүүчү минерал. Хим. формуласы Fe3[P04]2-8H20 (англ. минералог Ж. Г. Вивиандын ысмынан). Моноклин системасында кристаллданат. Өңү көбүнчө жашыл сымал, абада өзгөрүп, көгүш, жашыл, кара көк, кара жашыл болуп көрүнөт, айнектей жалтырак. Катуулугу Моос. шкаласы б-ча 1,5—2. Салышт. салм. 2,6. В. темирдин фосфорго бай чөкмө кенде-ринде ж-а чым кендүү саздарда кезигет. Фосфор жер семирткичи катары ж-а көк боек даярдоодо колдонулат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *