ВИБРИОЗ

ВИБРИОЗ (Vibriosis) — уй ж-а койдун жугуштуу ылаңы. Эчкиде ж-а чочкодо сейрек кездешет. В. м-н адам чанда ооруйт. Ылаңга чалдыккан мал тукумсуз болуп, бала салат, тубар малдын 40% ке чейинкиси кысыр калат. Ылаңдаткычтарды 1-жолу англ. илимпоздор Ж. Мак-Фадьен, С. Сток-мен, Т. Смит уйдун, койдун ичтен түшкөн күнөмүнөн табышкан. Дарттуу эркек малда клиникалык белгилери көп байкалбайт. Бирок куут мезгилинде букадан уйга жугат. Кой көбүнчө булганч жем-чөп, суу аркылуу ылаңга чалдыгат. Ылаңдын таралышына ичтен түшкөн күнөм, жатын шуйшү-нү себепкер болот. Дарттуу малды өзүнчө бөлүп, дарылоо керек. Короо-сарай дезинфекцияланат. Мал ылаң чыккан жайдан, жайыттан башка жерге көчүрүлөт. Ылаңдан сактануу үчүн малга антибиотик берилет.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *