ВЕТО

ВЕТО (лат. veto —тыюу салам) — бурж. мамлекеттерде ж-а айрым эл аралык уюмдарда закондордун күчү^ нө киришин токтотуу же күчүнө киришине жол бербөө укугу. Капит. өлкөлөрдө король же президент парламент кабыл алган закондордун күчүнө киришин бүтүндөй же жарымжартылай токтотууга укуктуу. Закон долбооруна В. коюлуп, ал андан кийин биротоло алынып ташталса, абс. В., ал эми закон долбоорунун күчүнө кириши убактылуу токтотулса, кийинкиге калтыруучу В. деп аталат. Соң. өлкөлөрдө В. укугу колдонулбайт. В. эл аралык укукта да бар, кээде Коопсуздук Советинин мүчөлөрү ООНдун Уставына ылайык В. укугунан пайдаланат. Коопсуздук Советинин бир эле мүчөсү талкууланып жаткан чечимдин кабыл алынышына макул болбосо, чечим кабыл алынган жок деп саналат.