ВЕТЕРИНАРИЯ

ВЕТЕРИНАРИЯ (лат. veterinarius — малчы, мал дарылоочу), ветери-нариялык медицина — малдын ылаңдары, аларды дарылоо, малдын кунардуулугун көтөрүү маселелери ж-а мал м-н кишиге бирдей тийүүчү тумоолордон калкты сактап калуу чаралары ж-дөгү илим. Бул термин Рим жазуучусу ж-а агроному Колу-мелланын (б. з. 1-к.) «Айыл чарба жөнүндө» деген китебинде биринчи кезигет. В. илимдер системасы катары бир кыйла илим тармагын камтыйт: нормалдуу ж-а патологиялык анатомия, физиология, гистология, вирусология, микробиология, клин, диагностика, фармакология, малдын ички дарттарынын жекече патологиясы м-н терапиясы, паразитология, токсикология, хирургия, эпизоотология, акушердик ж-а гинекология, колдон уруктандыруу, вет.-санитариялык экспертиза ж. б. Малды дарылоо, эмдөө оболу көчмөн урууларда пайда болгон. Мис, Тибеттин табыбы Жу-Жинин эмгегинде малдын кишиге жугуштуу ылаңдары ж-а аларды таркатпоо ж-дө жазылган. Байыркы Иранда ветери-нарлар кутурма ылаң м-н көшөрүп күрөшкөн. Окумуштуу ветеринар Пе-лагоний (б. з. 4-к.) «Ветеринария өнөрү» деген китебин жарыялаган. Атактуу грек ветеринарлары Апсирт ж-а Гперокль В-нын өнүгүшүндө маа-нилүү роль ойногон. Италия илимпо-зу Карло Руини жылкынын анатомиясы ж-а дарттары ж-дө эмгек жазган. О. кылымда В. б-ча Азербайжан, Грузия, Армения, Өзб-н, Индостан ж-а Кытайда да кыйла ад-т пайда болгон. 16—-17-к-да Россияда В. б-ча орусча оригиналдуу же котормо чыг-лар колдонулган. Бет. адистер Россиянын өзүндө атайын мектептер уюпгула баштагандан кийин гана пайда болду: 1849-ж. Дерптте (Тарту), 1851-ж. Харьковдо уюштурулуп, 1873-ж. ин-тка айландырылып, ошол эле жылы Казанда вет. ин-т ачылган. Россияда В. илимдерин өнүктүрүүдө Я. К. Кайданов, И. И. Равич, И. Н. Ланге, Х. Г. Геман, Н. П. Рух-лядев, К. Г. Боль, Н. Д. Бал, Л. С. Сапожников, М. А. Мальцев сыяктуу көрүнүктүү илимпоздор чоң эмгек си-ңиршпкен. Кыргыз элинде көп сандаган ылайдын (жылкынын сары өзөгү, маңкасы, сакоосу, телпей, желе курту, учунуусу, мекеси, кырчаңгыны; бодонун өлөтү, көк көйнөгү, шарпы, кара саны, тооруңкайы, жил-биги; койдун күлү, секиртмеси, сарыга, түйнөгү; эчкинин кара өпкөсү, котуру ж. б.) ж-а малдын дарттары-нын (жаталак, кызыл май, зорук, бы-чалга, ак баш, жем түшүү, муун аксак, жонок, жоор, күнч, бөкөн, жээк, кээңги ж. б.) кыргызча аттарынын болушу аларды белгилерине жараша ажыратып, ар кайсынысына өзүнчө чара көрүп келгендигин далилдей алат. Наштар, сапсалга, кондурга, шакшак, буйла окшогон кыргыздын элдик хирург, аспаптарын азыркы В-да кезиктирүүгө болот. Мал дарыгер-лери жалаң гана ылаңдаган, дартка чалдыккан малды дарылоо м-н чектелбестен, малды түрдүү ылаңдардан сактоо чараларын да колдонушкан. Мис, кутурма жукпас үчүн соо иттердин тумшугун темир м-н каарыш-кан. Мындай чаралар жалаң гана кыргыз, казак элине таандык эмес, балкан элдеринде, атап айтканда, румын элинде да учурайт. СССРде В. мамл. зор маанилүү иш катарында өөрчүүдө. Жугуштуу ылаң-дарга каршы пландуу чаралар көрү-дүп, малды кыргынга кириптер кылуучу кыйла ылаңдардан биздин жер биротоло арылып, СССР В. кызматы жагынан эң алдыңкы катарга чыкты. Азыр СССРде малдын ар кыл ылаңы ондогон ил. из. ин-ттарында, жүздөгөн ил. практикалык ветеринариялып лабораторияларда ж-а жог. окуу жайларынын атайын кафедраларында нзилденип, булардын натыйжасы мамл. В. кызматынын жыш тармагы аркылуу иш жүзүнө ашырылууда. СССРде В. кызматынын структурасы төмөнкүчө түзүлгөн: СССР а. ч. мпн-восунун составында В. Башкы башкармасы бар. Мунун начальниги— СССРдин мамл. Башкы вет. инспектору. Буга союздук респ-калардын а. ч. мин-восунун В. башкармалары, аларга АССРлердин а. ч. мин-восунун ж-а областтардын а. ч. башкармала-рындагы вет. бөлүмдөр, ал эми буларга райондордогу малдын ылаңы м-н күрөшүү станциялары баш иет, отчётторун берет. Көп сандаган кол-хоз-совхоздук вет. кызматтарына, вет. участокторго, участоктук мал дарылоо жайларына, вет. пункттарга жетекчилик кылат. Кыргыз ССР а. ч. мин-восунун В. башкармасына Ош, Нарын, Ысык-Көл областтык а. ч. башкармасынын вет. бөлүмү ж-а респ-кага караштуу станпиялар кирет. В. илиминин жетишкендиктери ил. из. ин-ттардын ж-а жог. окуу жайларынын ил. эмгектеринде, «Ветеринария», о. эле «Кыргызстан айыл чарбасы» журналдарында басылып турат.
Ад.: Коропов В. М., История ветеринарии в СССР, М., 1954; Г и н з б у р г А. Г., Иванов А. Д., Организация ветеринарного дела, 2 изд., М., 1970.
«ВЕТЕРИНАРИЯ» — вет. маселелери б-ча айына 1 жолу чыгуучу ил.-өндү-рүштүк журнал, СССР а. ч. мин-восунун органы. 1924-жылдан Москвада чыгарылат. 1924—28-ж. «Практическая ветеринария и коневодство», 1928—32-ж. «Практическая ветеринария», 1932—40-ж. «Советская ветеринария» деп аталган. 1941-жылдан — «Ветеринария». Журналда жаныбарлардын ылаңын дарылоо,’ алдын алуу чаралары, алдыңкы чарбалардын тажрыйбасы м-н илимдин жетишкендиктери, азык-түлүктү вет.-санитариялык экспертизадан өткөрүү, вет. кызматты уюштуруу, зоогигиена ж. б. маселелер чагылдырылат. Тиражы 155 580 (1976).

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *