ВЕТЕРИНАРИЯЛЫК САНИТАРИЯ

ВЕТЕРИНАРИЯЛЫК САНИТАРИЯ— мал чарбасында тазалыкты ж-а малды ылаңдан сактоо. Байыркы заманда эле ар кайсы элде көк көйнөк, маңка, сакоо сыяктуу жугуштуу ылаңдарга каршы В. с. чаралары жүргүзүлгөн. Петр I 18-к-дын башында жугуштуу оорулардын тарашына жол бербөө ж-дө атайын указ жарыялаган. Сов. Союзунда вет. мекемелер уюшулгандан баштап В. с-га зор көңүл бурулду. В. с. ишине жетекчилик кылуу мамл. борбордук вет. башкаруу органына таншырылып, жоболору СССР вет. уставында көрсөтүлгөн. Малды багууда, тоюттандырууда, ташуула, алардын азык-түлүгүн кайра иштеп чыгаруучу ишканада, эт ком-бинатында, кушканада В. с. эрежелерин сактоого катуу талап коюлат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *