ВЕТЕРИНАРИЯЛЫК ПРОФИЛАКТИКА

ВЕТЕРИНАРИЯЛЫК ПРОФИЛАКТИКА — малдын жугуштуу ылаңына каршы алдын алуу, аны таратпоо ж-а малдын өлүмүн азайтууга багытталган чаралар. В. п. вет., биол., мед., зоотех. илимдердин негизинде жүргүзүлүп, андагы чаралар СССРдин вет. уставында көрсөтүлөт да, мекемелер, уюмдар ж-а айрым адамдар үчүн закон. В. п. чарасы жалпы ж-а атайын болуп бөлүнөт. Жалпы В. п-га короо-сарай тазалоо, малдын чыдамдуулу-гун ж-а кунардуулугун көтөрүү, сапаттуу тоют м-н камсыз кылуу, ылаңдаган ж-а ага шектүү малды вет. изоляторго бөлүү, чарбага жаңы алынып келинген малга карантин чектөө, өлгөн малды өрттөө же жерге көмүү ж. б. кирет. Атайын В. п-га алдын алуу, жугуштуу ыланды жоюу (эмдөө, диагноздоо, карантин коюу, дегельминттөө ж. б.) кирет. В. п-ны вет. участок (ветпункт), колхоз-сов-хоздун, райондун башкы ветврачы пландаштырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *