ВЕТЕРИНАРИЯЛЫК ДАРЫЛОО МЕКЕМЕЛЕРИ

ВЕТЕРИНАРИЯЛЫК ДАРЫЛОО МЕКЕМЕЛЕРИ — 1) малдын ылаңын алдын алуучу ж-а дарылоочу жай; 2) вет. комплекстүү атайын имарат. В. д. м. Россияда өзүнчө мекеме катары 19-к-да уюштурулган. 1904-ж. атайын устав иштелип чыгып, анда дарылоо эрежелери, милдеттери бекитилген. СССРде мамл. дарылоо мекемелеринин тармагы түзүлүп, участкалык, райондук, шаардык дарылоо мекемелери деп ажыратылат. В. д. м. жаңы тех. аспаптар м-н жабдылып, малдын ылаңына каршы эмдөө, дарылоо чараларын ж-а изилдөө жүргүзөт. Мындагы бардык иш ж-а дарттуу мал эсепке алынып турат.